Ош ЖЭБи жылуулук мезгилине толугу менен даяр - Т-медиа

Ош ЖЭБи жылуулук мезгилине толугу менен даяр

Ош жылуулук электр борбору кыш мезгилине толугу менен даяр. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди.

Жылуулук борборунун директору Анарбек Аттокуровдун айтымында, магистралдык жана кварталдык түйүндөр, жылуулук агрегаттары кышка даяр.

Запаста 4 миң 108 тонна мазут бар, дагы 6 миң тонна алынып келинет.

Ош ЖЭБ 319 көп кабаттуу турак үйдү, 88 бюджеттик уюмдарды, 12 оорукана менен бейтапканаларды жана 5 өндүрүш объекттерин жылуулук менен камсыз кылат.

Ош шаарына жылуулук  абанын температурасы 5 күн катар 8 градусту түзгөндө  бериле баштайт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо