Баткен менен Согди облустарынын жаштары достук футболун ойношту - Т-медиа

Баткен менен Согди облустарынын жаштары достук футболун ойношту

Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын жаштары футбол оюнун өткөрүштү. Мелдеш кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата Баткен ОИИБ тарабынан уюштурулду.

Оюнга Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай Самаркандек айыл аймактары менен Тажикстандын Согди облусунун Чорку, Ворух, Сурх айыл аймактарынын жаштары катышышкан.

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей,  демилге эки элдин ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө максатында уюштурулган.

Эки элдин жаштары аралаш түрдө 4 командага бөлүнүп ойношкон.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо