«Алай» футбол клубунун чабуулчусу Кожо Жоэль кыргыз кызына үйлөндү - Т-медиа

«Алай» футбол клубунун чабуулчусу Кожо Жоэль кыргыз кызына үйлөндү

«Алай» футбол клубунун чабуулчусу, 21 жаштагы ганалык футболчу Кожо Жоэль менен Айзаданын тоюу бүгүн Токмок шаарында өтүп жатат.

Бул тууралуу аталган клуб инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

Африкадагы Гана өлкөсүнүн футболчусу Кожо Жоэль 2018-жылдан бери Оштун «Алай» футбол клубунда ойноп келет. Былтыр ал Кыргызстандын чемпиондугунда 26 гол киргизип, мыкты чабуулчу аталган.

Буга чейин да кыргыз футболунун жылдызына айланган ганалык футболчу Даниэл Тего да кыргызга күйөө бала болгон.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо