Төрөбаев: оорукананы мамлекет ремонт жасабай, мамлекеттин органы жапканы жатат - Т-медиа

Төрөбаев: оорукананы мамлекет ремонт жасабай, мамлекеттин органы жапканы жатат

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция Жалал-Абад облусундагы түштүк жүрөк кан тамыр хирургиясы борборун жапканы жатат. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  

Анын айтымында, оңдоп түзөө иштери жүргүзүлбөсө бир айдын ичинде аталган инспекция оорукананы жабат. Бул борбордо 2018-жылы 375  2019-жылы тогуз айдын ичинде 500дөн ашык операция жасалды. Жүрөк кан тамырлары менен ооругандар көбөйүп жатат.

Аталган борборго Ош, Баткен, Жалал-Абаддын тургундары келип даарыланат. Төрөбаев оорукананы мамлекет ремонт жасабай туруп мамлекеттин органы жапканы жатат деп билдирди.

«Саламаттыкты сактоо миннистри өкмөт башчынын жакын досу болот. Эгерде мындай иш болуп жатса досу катары сүйлөшүп койбойбу? Ушундай маселе бар экен деп чечип койбойбу? Бул абдан кооптуу буга көңүл буруп коюңуздар», — деди Бакыт Төрөбаев.

Түштүк аймакта жыл сайын 3 миңден ашуун адам жүрөк оорулары боюнча кардиохирургиялык жардамга муктаж. Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору 2010-жылдын 12-ноябрынан бери иштеп жатат. 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо