Эгер сиз китеп окубаган кишилердин катарында болсоңуз, эмнелерден кур калып жатканыңызды билесизби?


2012 – жылдан бери Бразилиянын жаза өтөө мекемелеринде  “Китеп окуу аркылуу күнөөнү (кылмышты) жуу” программасы иштейт. Ал программага ылайык камактагы жаран бир китепти окуп, дилбаян жазуу аркылуу жаза өтөө мөөнөтүн 4 күнгө кыскарта алат.

Жылына эң көп 12 китеп каралган. Бул демек бир жылда 48 күн жаза өтөө мөөнөтүнөн кыскартса болот дегендик. Жогорудагы программага жооптуу чиновниктер китеп окуган кылмышкерлердин эркиндикке чыккан соң кайра кылмышка баруу ыктымалдуулугу азаят деп ишендиришет. Муну мыкты социалдык долбоор десе болот. А, эркиндиктеги кишилер үчүн китеп окуунун кандай жакшы жактары бар?

Китепти баш оту менен берилип окуу кишиге психологиялык жактан абдан пайдалуу жана жашоо нугун туура жолго салууда таасири чоң. Төмөндө китеп окуунун пайдаларын тизмектейбиз:

Китеп окуу стрессти азайтат.

Суссех университетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда стрессти азайтуунун эң натыйжалуу жолу – китеп окуу. А, стресс көп оорулардын себепчиси. Демек, китеп окуган кишилердин ден-соолугу чың болот.

Китеп окуган кишилер узак жашашат.

Мындай жыйынтыкты элүү жаштан өйдө курактагы 3635 кишини сурамжылоодон өткөргөн Йель университетинин окумуштуулары чыгарышты. Изилдөөнүн жүрүшүндө алар:  китеп окууга күнүнө 30 мүнөт убакыт бөлгөн кишилер, такыр китеп окубаган же журналдарды барактап койгон кишилерге караганда дээрлик 2 жылга узак жашаарын аныкташкан.

Уйкусу качкандар үчүн эң жакшы ыкма.

Мээни эс алдыруу жана жакшы уктоо үчүн эң идеалдуу чечим — китеп окуу.

Эмпатия куруу ( өзүн башкалардын ордуна коюу) сезимин күчтөнтөт.

Киши чыгармадагы каармандарды, алардын абалын  көз алдына элестетип китеп окуп көнгөндүктөн турмушта да башкалардын ордуна өзүн койо билет. Түшүнгөнгө аракет кылат.

Китеп окуу мээнин иштөөсүн жакшыртат.

Эмори университетинде жүзөгө ашырылган изилдөөлөр боюнча китеп окуу бизди акылдуу кылаары аныкталган.

Депрессиядан чыгуунун жолу.

Акыркы изилдөөлөр өзүн өнүктүрүүгө, өстүрүүгө багытталган китептердин депрессиядагы кишилер үчүн пайдалуу болуп жатканын тастыктаган.

Жашоодогу кыйынчылыктарды оңой жеңгенге көмөктөшөт.

Огайо университетинин окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө, китеп көп окуган кишилерде туюу сезими арткандыгы жана ушунун жардамы менен кыйынчылыктардан жеңил чыгып кетишкени аныкталган.

Китеп окуган кишилер ачык-айрым жана дос жандуу болушат.

The Creativity Reserch журналында жарыяланган бир макалада, китеп окуган кишилердин ачык-айрым болуп, көп кишилер менен достук мамиле түзүп, ар кайсы улуттун, маданияттын өкүлдөрү менен тыгыз, жакшы байланыш кура алышканы айтылган. Киши болоор кишинин киши менен иши бар дейт эмеспи. Биз ийгиликтерге бири-бирибиз менен курган мамилебиз аркылуу жетебиз. Ийгилик багынткан таанымал кишилер да, көп китеп окуй турганын белгилешкен. Анткени, алар дайыма өздөрүн өстүрүү менен алек.

Эс-тутум жакшырат.

Китеп окуган кишинин мээси такай маалымат топтоп, тынымсыз иштеп турат. Окуган сайын эс тутуму жакшырат. Изилдөөлөр китеп окуу мээнин активдүүлүгүн арттырганын белгилеген.

Билимди арттырат.

Мектеп, жогорку окуу жайда алган билиминин натыйжасында китеп окуунун маанисин түшүнгөн киши китептен эч кол үзгүсү келбейт. Алар көптү билген билимдүү, дүйнө таанымы кенен кишилер болушат. Мындай кишилер менен баарлашуу кызыктуу болот.

Оюн бир жерге топтоо жөндөмүн жогору кылып, сабырдуулукка үйрөтөт.

Демек, китеп сүйүүчүлөр бир ишти өтөсүнө чыгара аткарат.

Максат койгонго үйрөтөт.

Бир китепти окуп бүткөн соң башка китепти окууну максат кылып көнгөн киши, жашоодо да дайыма максат, пландарды түзүп ирээттүү ишке ашырганга араркет кылат.

Убакытты бааланганды билет.

Окурман киши 5-10 мүнөт болсо да китеп бетин ача калганга аракет кылат. Алар үчүн ар бир мүнөт кымбат.

Башкача көз-караштарга ээ кылат.

Окуган чыгармаларынын, китептеринин таасиринде жашоодогу окуяларга карата өз көз-карашы, пикири пайда болот.

Жазуу жана сүйлөө жөндөмүн мыкты деңгээлге чыгарат.

Китеп көп окуган кишилердин сөз байлыгы кенен болгондуктан өз ойлорун кагаз бетине ирээттүү, түшүнүктүү кылып түшүрө алат жана сүйлөгөн сөзү таасирдүү болот.

Жылына 50 китеп окуу толук мүмкүн

Жумасына бир китеп окуу оңой болбосо да, эң түйшүгү көп, иштерман киши үчүн да аракет кылса бул мүмкүн нерсе.

Жазуучу Стефани Хьюстон убактым жок деген наалыма сөзү, болгону, өз жалкоолугун актоого болгон аракет гана болчу экенин айтат. Ал уктаар алдында, метродо, түшкү эс алуу учурунда жана кезек күткөн учурларда телефондо интернет менен алек болуунун ордуна  бир жылда 50 китеп окуп чыгууну өзүнө максат кылып койгон. Бир канча айдан кийин Стефани анын жашоосу биртоп жай жана жагымдуу болуп өзгөрө баштаганын,уйкусу жакшырганын жана ошол эле учурда мүмкүн болгондон да көп нерсени үйрөнүп жатканын билдирген.

Даярдаган: Акбермет Мамадаминова

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо