Ошто эркин күрөш боюнча VIII эл аралык турнир өтүүдө - Т-медиа

Ошто эркин күрөш боюнча VIII эл аралык турнир өтүүдө

Бүгүн, 8-ноябрда Ош шаарындагы “ Динамо” спорт клубунда СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед, Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган VIII эл аралык эркин күрөш боюнча турнир башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Мелдештин расмий ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Абитовдордун жакындары жана спортчулар катышты.

Турнирде Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 300гө жакын спортчулар 14 салмактык категорияда күч сынашууда.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырып, эртен 9-ноябрда жыйынтыкталат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо