Борбордо дем алыш күндөрү китеп жарманкеси өтүүдө. Сүрөттөр - Т-медиа

Борбордо дем алыш күндөрү китеп жарманкеси өтүүдө. Сүрөттөр

Эл арасында китеп окууну жайылтуу жана басмаканаларды колдоо максатында, Бишкекте октябрдан баштап, дем алыш күндөрү “Манас” кинотеатрынын алдында китеп жарманкеси өткөрүлүп жатат. Аны ЖК депутаты, Айтыш коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз менен РухЭш адабий айдыңынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир уулунун демилгеси менен Садырбек Турдубек уулу уюштурууда.

Китеп жарманкесине «Данек», «Дидар», «Кыргыз китеп борбору», «Шанс», «Book hоuse», «Полигон» китеп дүкөндөрү жана «Жамгыр» басма үйү долбоорду колдоо көрсөтүүдө.  

Аба-ырайы суук, жаан болгон учурда да бул иш чараны үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кинотеатрдын ичинде өткөрүүгө демөөрчүлөр колдоо көргөзмөй болушууда.

Китеп жарманкесинин уюштуруучусу, Садырбек Турдубек уулунун айтымында, адамзатынын же кайсы эле коомдун өнүгүшү китеп аркылуу болот. Себеби, тажрыйбалардын аркасында жазылган китептер окурмандар үчүн жашоону кыйла жеңилдетет.

«Учурда илимий — техника өнүгүп, ар кандай электрондук жабдуулар жашообузду жеңилдеткени менен жашоого болгон аракетибизди алсыздандырып жатат. Албетте, биз сыяктуу өнүгүүнүн жолуна жаңыдан кадам таштаган өлкө үчүн даяр нерселерди колдонуп, башка элдер жасап чыгарган техниканы колдонуу кыйла кооптуу. Себеби, аны андан ары өнүктүрүүгө күч жумшабай жатабыз. Ал эми, китеп окуу аркасында жаңы идеялар пайда болуп, жаратмандык кыла алабыз. Китеп окуу менен жаркын келечектин пайдубалын курабыз. Келечегибиздин пайдубалын бөлөк элдердин курган үйүнүн үстүнө эмес, жаңы кыртышты бузуу менен курсак, келечегибиздин пайдубалы бекем, дубалы бышык болот», —дейт Садырбек Турдубек уулу.

Эскерте кетсек, “Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси да ушул жылы Ош шаарында ачык асман  китеп текчеси бар “Жаштар” эс алуу багын белек кылган. Башында китептерге толуп турган текчелер учурда бош. 

Бул сейил бак да демөөрчү, ыктыярчы жана бийлик өкүлдөрү тарабынан колго алынса, борбордогудай китеп жарманкелерин, ачык асман астында адабий кече-жолугушууларды жана китеп эстафеталарын өткөрчү жайга айланышы мүмкүн.  

Китеп окуунун пайдасы тууралуу бул  шилтемеден таанышыңыз. 

 

Даярдаган: Акбермет Мамадаминова

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо