Эртең Оштун бир канча аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт - Т-медиа

Эртең Оштун бир канча аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Электр тармактарындагы техникалык тейлөө иштерине байланыштуу эртең 12- ноябрь күнү Оштун  бир канча аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ошэлектр» мекемесинен билдиришти.

Электр жарыгы Ош шаарынын Кеңеш, Орке, Жапалак, Чурулдай, Тээке, Татар айылдарында 12:00дөн 14:00гө чейин өчөт.

Ал эми Кара-Суу районунун Катта-Талдык, Ачи, Мады, Беш-Мойнок, Хасанчек, Кыргызчек, Кахраман айылдарында 8:00 — 17:00гө чейин жок болот.

Өзгөн районунун Салам-Алик, Мырза-Аке, Алтын-Булак, Көлдүк, Дөң-Булак айылдарында саат 8:00-11:00гө чейин өчүрүлөт.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо