Тамашоудон чыккан талаш: ОшМУнун студенттери башкы корпуска чогулушту - Т-медиа

Тамашоудон чыккан талаш: ОшМУнун студенттери башкы корпуска чогулушту

ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери башкы корпуска чогулушту. Алар бүгүн 20-ноябрда өткөн факультеттер аралык тамашоу оюнунун жыйынтыгына нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Студенттердин айтымында алардын командасы көп балл топтогон. Бирок ага карабай калыстар тобу башка команданы жеңүүчү деп тапкан.

Мындан улам нааразы болгон студенттер туура чечим кабыл алуусун талап кылып, оюндан соң башкы корпуска чогулушкан. Алар залда олтурган көрүүчү, күйөрмандардын баары баллдарды эсептеп олтурушканын, далилдер бар экенин кошумчалашууда.

Ал эми уюштуруучулар менен калыстар тобунан комментарий алууга азырынча мүмкүнчүлүк болбой жатат.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо