Жумалиева: ишкерликтин көп түрү аялдар үчүн оор, инвестиция тартууда да ишеним аз - Т-медиа

Жумалиева: ишкерликтин көп түрү аялдар үчүн оор, инвестиция тартууда да ишеним аз

Жыл сайын 19-ноябрда бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдар күнү белгиленет. Ош шаарында да жыл сайын бул күнгө карата ишкер аялдардын башын бириктирген түрдүү иш чаралар өткөрүлөт.

Аялдар ишкердик чөйрөдө кандай көйгөйлөргө кабылат? Бизнесте мырзалар менен айымдарда кандай айырмачылыктар бар? Оорчулугу же жеңилдиги эмнеде?

Аялдардын бизнестеги орду, кесиби боюнча англис тили мугалими жана котормочу, учурда туризм тармагында ишкерлик менен алектенген Ош шаарындагы “Жолоочу” конок үйүнүн  негиздөөчүсү  Жумалиева Акбалык Калыевна менен болгон маекти сунуштайбыз.

 Саламатсызбы, Акбалык эже! 19-ноябрь бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнү менен куттуктайм.   Жеке ишкердик менен алектенгениңизге бир канча жыл болуптур. Ишкердиктин ушул тармагын тандооңузга эмне себеп болду?

Саламатсыздарбы. Рахмат. Англис тили мугалими жана котормочу болгонумдан жумуш жолум башталганда эле чет элдиктер менен иштешип калдым. Жеке ишкердикти баштаганыма 3 эле жыл болду. Элге да, мамлекетке да, өзүмө да пайдалуу жумуш баштасам деп тилек кылчумун. Бирок азырынча ушул жумушка токтолдум. Себеби биздин өлкөнүн келечегин туризм менен байланыштырам. Туризм менен өлкө өз жолун туура табат деп ойлойм.

Бизнес-планыңызды ишке ашырууда каржы булагын кантип чечтиңиз?

Мен Кыргызстандагы айлык акылар өлчөмү менен алганда, жогору айлык менен иштеп жүрдүм. Бизнести ошол айлык маянамды жыйнап жүрүп баштадым.

Кардарларды тартуу үчүн кандай ыкмаларды, инновацияларды колдоносуз?

Кардарларды тартууда дүйнөлүк booking com, trip advisor өңдүү сайттарга катталганбыз.

Мындан сырткары тейлөө сапатына көңүл бөлөбүз. Мыкты тейлөө, таза, жылуу, жарык атмосфера менен тартып турабыз деп ишенем.

Ушул күнгө чейин кайсы өлкөлөрдөн, канча кишини тейледиңиздер?

Кыргызстанга кызыгып, табиятыбызга суктанып келген туристтердин саны арбын. Көп эле өлкөлөрдөн конокторду тостук. Бизге канча турист келгени тууралуу так маалыматым жок.

Ишкердик чөйрөсүндө аялдар менен мырзалар арасында айырма барбы? Аялдарга кайсы жагынан жеңил же оор?

Ишкердикте албетте эркектер менен аялдар арасында айырма бар. Аялдар көбүнчө жеңил өнөр-жай, тамак- аш, сервис тармагын тандашат. Ишкерликтин көп түрү аялдар үчүн оор. Инвестиция тартууда аялдарга ишеним аз.

Ишкердикти колдоо боюнча өкмөткө кандай сунушуңуз бар?

Туризм тармагынын оордугу- мамлекет тараптан эч бир колдоо жоктугу. Анан жаңы ишкерлерди колдобой, тескерисинче тоноосу. Кичи жана орто бизнести колдоп, жок дегенде биринчи жылы салыктан бошотсо чоң колдоо болмок.

Ишкерлик менен алектенген ийгиликтүү кишилер тобокелчиликке баргандан коркпогон, оптимист кишилер болот экен. Сизде да бул сапаттар менен катар дагы кандай өзгөчө сапаттар бар?

Мен чындыгында тобокелчил адаммын. Коркуп отура бербейм. Элибизде «ойчул ойлонгончо тобокелчи бел ашыптыр” деген кеп бар. Мен да турмушта ошол принципти тутунам.

Ишкердикке кадам таштоодо кооптонуп, ойлонуп жүргөн замандаштарга, өзгөчө аялдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Ишкердикти баштоодон кооптонгон айымдарга айтаарым- жакшы ойлонулган бизнес план болсо, ишке ашыруудан коркпой баштай берүү керек. Анан талыкпай жакшыртуу, өркүндөтүү менен алектенүү керек.

Конок үйүңүздүн аталышы  — Жолоочу. Кулакка жагымдуу угулат. Аталышын тандоодо атайы нукура кыргызча болуусуна маани бергениңиздин себеби эмнеде

Атын коюуда көпкө ойлонуп, нукура кыргызча, анан мааниси да кандай ишкана экенин айтып тура турган болсун деп ойлонуп, изденип атып койдум.

Даярдаган: Акбермет Шайзак

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо