Өзүн "журналистмин" деп тааныштырып телефон алып качкан жигит кармалды - Т-медиа

Өзүн «журналистмин» деп тааныштырып телефон алып качкан жигит кармалды

Баткенде өзүн “журналистмин” деп тааныштырып, алдамчылык кылып жүргөн бала кармалды. Бул тууралуу Баткен шаардык ИИБнын маалымат кызматы кабарлады

Маалыматына ылайык, окуя 13-ноябрда Баткен шаарынын “Жеңиш” паркында  болгон. Анда азиат улутундагы жашы 25-30 чамасындагы бала ошол жерде эс алып отурган студенттерге ар кандай суроолорду берип, өзүн “журналист” катары тааныштырган. Андан соң, алардын ишенимине кирип, алдап “Rеdmi Note 7А” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып, изин жашырып кеткен. 

Учурда бул факт боюнча милиция  ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Ысык-Көл облусунун Тогуз Булак айылынын 24 жаштагы тургунун Нарын шаарынан кармап келген.

Азыркы күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталып, жарандын үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо