Ош: курулушу мыйзамсыз башталган 13 кабаттуу үй бузулууда. Түз эфир - Т-медиа

Ош: курулушу мыйзамсыз башталган 13 кабаттуу үй бузулууда. Түз эфир

Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан, 13 кабаттуу үйдүн курулушу бүгүн 27-ноябрда экинчи ирет сүрдүрүлгөнү жатат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымат таратты.

Бул көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамсыз экенин Ош шаардык соту аныктап, аны сүрдүрүү жөнүндө чечим кабыл алган. Аны «Евростиль» компаниясы куруп жаткан.

Буга чейин 4-июнда мэрия атайын техниканын жардамы менен сүрдүрө баштаган. Бирок көп кабаттуу үйдү салып жаткан «Евростиль» компаниясы «үйдү өзүбүз бузабыз» деп шаардын тийиштүү кызматтарына тилкат жазып берген.

Арадан убакыт өтсө да курулуш кайра уланган. Бүгүн мэрия тиешелүү органдар менен мыйзамсыз делген курулушту экинчи ирет сүрдүргөнү жатат.

Ош мэриясынын маалыматы боюнча учурда калаада мындай мыйзамсыз курулуштардын саны отузга жетет. Алардын баарына мыйзамдын негизинде чара көрүлөрү айтылууда. Буга чейин Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгы Ош шаарынын аймагында тийиштүү уруксат кагаздары жок иш жүргүзүп жаткан көп кабаттуу 10 үйдүн иши сотко өткөрүлгөнүн кабарлаган.

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан 13 кабаттуу үй бузулууда

Опубликовано T-Media Вторник, 26 ноября 2019 г.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо