кыздары кыйын кыргыздын
Алыш күрөштүн жарык жылдызы
Аялзат коомдогу зор күч
Өзгөн районундагы Жаңгакты айылында чоң үй-бүлөдө өскөн Нурзаттын кыялы, мүнөзү бир туугандарынан айырмаланып, ат үстүндө ойноп, өзүн-өзү коргоочу ыкмаларды үйрөнүп, уул балдар менен чоңойгон. Ал 4 жашынан тартып, атасын ээрчип улакка барып, кайсыл жерде күрөш болот, ким менен күчүмдү сынасам деген санаа менен көп түйшөлчү.
Нурзат он бир туугандын арасындагы 8чи перзент. Үй-бүлөлүк шарты жакшы болбогондуктан, атасы Бактыяр ага балдарын алып коңшу Казахстанга да барып келген. Ал жерде да жумуш оор, маянасы аз болгону үчүн туулган жерин көздөй шашкан. Ошондуктан, балбан кыздын бир туугандары жогорку окуу жайдан билим алууга мүмкүнчүлүгү болбогон. Ал эми Нурзат айылдагы орто мектепти артыкчылык менен аяктап, жогорку республикалык тесттен да жогорку баллга ээ болгон. Ошол учурда жакындары балбан кызга дарыгер болууну сунушташкан.
Бактыяр Молдоматов:
"Кызымдын балбан болоруна ишенгем"
Нурзаттын дилгирлиги жакындарын дайым таң калтырып турган. Айрыкча, чапчаңдыгы, шайдооттугу, белиндеги каруу күчү, өжөрлүгү атасы Бактыяр агага чоң үмүт берген.
Өжөрлүк артындагы ийгиликтер
Нурзат алыш күрөшкө машыктыруучусу Жээнбек Акыевге жолуккандан кийин олуттуу кадам таштады. Бул учур 2010-жыл эле. Жээнбек мырза кыз бала деп башында көп көңүл бурбаганы менен күрөш майданындагы жыйынтыктары дүйнөлүк мелдештерге чыгууга жол ачты. 60, 63, 65 жана 70 кг. салмактарда Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону аталды.
Алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевди эскерүү эл аралык Гран-При турниринин көп жолку жеңүүчүсү.
2016-жылы Чолпон-Атада өткөн Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына катышып, өз салмагы 65 кг. болсо дагы, 70 кг. салмактагы балбан кыздар менен күрөшүп, күмүш байге алган.
2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн 5-жабык имараттардагы Азия оюндарында 1 алтын, 1 коло байге утуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты.
2018-жылы Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарында 65 кг. салмакта дүйнө чемпиону аталган.
2018-жылы #SportsAwardsдин тандоосу менен улуттук спорттун алыш күрөшү боюнча мыкты спортчу айым - 2018 наамына татыктуу болгон.
2019-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейинки аралыкта болуп өткөн Түштүк Корея өлкөсүндө Бүткүл дүйнөлүк күжүрмөн таймаштын 22 түрү боюнча болуп өткөн мелдеште 65 кг. салмакта экинчи орунду багындырган.
Балбан тууралуу кызыктуу фактылар:
8 жашынан тартып машыгууну баштаган.
2012-жылы Курманжан Датканын тоюнда кыз куумай оюнунан биринчи орунду алган.
Он бир туугандарынын арасынан ата жолун жолдогон жалгыз спортчу.
Учурда мелдештерге машыктыруучусу жок даярданат.
Улак тартыш, волейбол, жеңил атлетика, таяк тартыш, кол күрөш менен да алектенет.
Эсте калган күрөшү
-Мен 65 кг салмакта 2017-жылы Ашхабаддагы мелдешке бардым. Ал учур эч качан эсимден кетпейт. Биз 2 ай даярданып, мелдештен 3 күн алдын бардык. Барган күндөн тартып эле машыгууларды калтырбай жаттык. Бирок, телевизорду күйгүзсөк эле балбан кыздардын машыгып жатканын, даярдыгы күч экенин көрсөтөт. А биздин маанайыбыз аябай түшкөн. Себеби, алардын медиасы ар тараптан кыздарга аябай ишенип, позитивдүү маанайда дем берип жатышты. Радио, сыналгыдагы берүүлөр бизди рингге жеткирбей психологиялык жактан жеңип баратты. Биринчи күнү жеңилип калдым. Экинчи күнү да дээрлик жеңиле баштадым. Аябай кыжырданып ыйлап жаттым. Анан менин оюма атамдын "Сен Курманжан Даткадай аял болосун! Сен эл башкарасын! Сени телевизордон көрөбүз. Сен баарын жеңесин!" деген сөздөрү келди. Мага бул дем күч берип, атаандаштарымды жеңе баштадым. Акыркы финалдык беттештеги атаандашым Рано Узакова менен 2016-жылы көчмөндөр оюндарында финалдык беттеште күрөшүп жеңилип калган болчумун. Ал абдан күчтүү атаандаш болчу. Белимди бекем буудум. Ошол учурда кыргызстандыктардын сыналгыны тиктеп, менден үмүт кылып турганын элестеттим. Анан мен кандай болбосун жеңишим керек экендигин түшүндүм. Ранонун ыкмаларын түшүнүп жеткен элем. Өзүнүн ыкмасына салып, катуу күрөштүм. Жыйынтыгында жеңип, өз салмагымда Азия чемпиону болдум. Бул мезгилдеги кубанычым, ызамды сөздөр менен жеткире албайм.


Нурзат Бактыяр кызы
Алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону.
"Балбан кызды" тарбиялаган баатыр эне
Кызынын ар бир жеңишин чыдамсыздык менен күткөн Малике апа он баланы тарбиялаган баатыр эне. Учурунда Нурзаттын кесип тандоосуна, спортко болгон кызыгуусуна каршы чыкканы менен азыр сыймыктанат. Апаны айылдаштары "балбан кыздын апасы" деп өзгөчө урматташат.

Спорт менен жумушту айкалыштыруу канчалык кыйынга турганы менен жетишүүгө аракет кылат. Ал эми мелдеш учурунда жумуштан жооп алуу жана каржылык жактан кыйынчылыктар болбой койбойт. Андай учурларда өзү туулуп өскөн аймактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да материалдык жактан колдоого алышат.

-Биздин кичинекей айылды дүйнөгө таанытып жаткан Нурзат. Жаштайынан спорттун көп түрү менен алектенип келет. Айылдаштары баарыбыз сыймыктанабыз. Ал эле эмес ИИМдин сыймыктуу кызматкери. Бул жалпы биздин жаштарга үлгү. Жаштарды ушул кыздай кайраттуу, мекенчил жана билимдүү болууга чакырабыз.
Учурда кандай мелдештерге катышпасын, айыл өкмөттүн эсебинен колдон келген материалдык жардамды көрсөтөбүз. Бул албетте жетишсиз. Мамлекет тарабынан да жетишерлик колдоолор көрүлсө жакшы болмок.

Акболуш Тиленбаев
Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын башчысы.
Айымдардын ийгилик жаратуусу үчүн ар тараптуу колдоолор зарыл. Балбан кыздын да ийгиликке жетүүсүнө атасы Бактыяр аганын салымы чоң деп эсептешет кесиптештери.
Нагира Сарбашева
Алыш күрөш боюнча оор салмакта дүйнө чемпиону.
-Айымдардын спортто ийгилик жаратышы кыйын иш. Кыргыз менталитетиндеги аялзатына болгон көз караштар, стреотиптер дайым артка тартып турат. Ошондуктан, көп кыз-келиндер алыш-күрөштө, дегеле спортто тоскоолдуктарга кабылышат. Мен Нурзат менен алты жылдан бери чогуу мелдештерге даярданып, чогуу машыгып, чет мамлекеттерге да чогуу барып калабыз. Ошол учурда атасы Бактыяр ага, бардык көз караштарды четке кагып, "Менин кызым кыйын, балбан! Элдин намысын коргойт! Менин кызым баарынан күчтүү"-деп дем берип, ар дайым кыргыз жергесинде болгон мелдештерде жанында болуп, колдоп турат. Анан кантип дүйнө чемпиону болбосун! Эгер бардык эле аталар кыздарга болгон колдоосу күч болсо, мүмкүн бардык эле спорттун түрүнөн чоң ийгиликтер жаралмак. Балбан кызыбыздын ийгиликтеринин артында атасынын колдоосу чоң мааниге ээ.
Жумуштагы жоопкерчилиги күч, спортто да максаты бийик. Нурзат тандаган жолунан кайтуу оюнда жок. Дагы алдыда спортчуларды тарбиялап, алыш-күрөштүн өнүгүүсүнө салым кошсом деген тилеги бар. Бирок, өкүнүчү да күч.
-Мен дайым эле биринчи болбой калганда өкүнө берем. Өзүмдү жемелеп, стресске кабылам. Эң эле менин жүрөгүмдө чоң арман десем да болот. Бул алыш күрөштүн олимпиадалык оюндардын түрүнө кирбегендиги. Болбосо, мен да Айсулуу сыяктуу эле дүйнө чемпионумун. Бирок, бул күрөштүн түрүнө көп көңүл бурулбаганы үчүн биз сыяктууларга көңүл бурулбайт. А мен болсо, өзүмдүн өжөрдүгүм менен, машыктыруучусу жок деле күрөштөргө даярданып барам. Жакында Кореяда өткөн мелдешке бир ай өз алдымча даярданып экинчи орунду багындырдым. Машыктыруучулардын көбү Бишкекте. Азыр да декабрь айында Нурсултан шаарында өтүүчү дүйнө чемпионатына өз алдымча даярданып жатам.

Нурзат Бактыяр кызы
Алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону.
Чынында бул спорттун түрү олимпиадалык оюндардын түрүнө кирбейт. Кыргызстандагы "Алыш" федерациясы да олимпиадалык оюндардын катарына киргизүүгө аракет кылып келет.

-Биздин федерацияда 6 салмакта бир топ кыз-келиндер бар. Алардын арасында Нурзат Бактыяр кызы белдүү балбандардан. Эми Нурзаттын өкүнүчү, арманы биздин да арманыбыз. Канча жылдан бери алыш күрөштү олимпиадалык оюндардын түрүнө киргизели деп аракет кылып келебиз. Биз эле эмес коңшу өлкөлөр менен да биргелешип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ыраматылык атам Баяман Эркинбаев да дүйнөлүк олимпиадалык оюндардын катарына киргизем деген максаты болгон. Буйруса, бул сөзсүз ишке ашарына болгон аракеттер көрүлүүдө. 2020-жылда өтүүчү Олимпиада оюндарына киргизүү үчүн аракет кылып жүрөбүз. Жакынкы Нурсултан шаарында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатта үмүтүбүз чоң.

Адилет Эркинбаев
Бүткүл дүйнөлүк "Алыш" федерациясынын президенти.
ИИМдин сыймыктуу кызматкери
Спортчу учурда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын инспектору милициянын улук лейтенанты болуп эмгектенет.
Ош ОИИБдин өздүк курамынын катарында милициянын оор түйшүгүн көтөрүп кызмат өтөп жаткан 60 айым бар. Бул көрсөткүч жалпы өздүк курамдын 7,2 % түзөт. Мындан беш жыл мурда бул көрсөткүч 4% түзгөн болчу. Акыркы эки жылда милициянын катарына кирген аял кызматкерлердин саны өскөндүгү байкалат. Айрыкча, Нурзаттай айымдардын ИИМде эмгектенгени кыз-келиндерге шык берип, милиция кесибинин кадыр-баркын жогорулатат.
Нурзат Ош шаарында батирде жашайт. Кара-Суу районун Мады айылына каттап иштеп, машыгууларга бирде жетишсе, бирде кеч калат. Жеткинчектер менен иштөө чоң жоопкерчиликти жана кылдаттыкты талап кылгандыктан, жумушка кечигүүсү мүмкүн эмес. Анын 3 жылдан ашык тажрыйбасында көп эле оор жагдайларга туш болгон. Айрыкча, балдар катталган кылмыш иштеринде мыйзамдуулуктун сакталышы менен өспүрүмдөрдүн адашып кириптер болгону көп ойлонтот.
-Мен балдар менен иштөөдө ата-энелердин балдарына кеч көңүл бурганына күбө болдум. Ар кандай кылмышка аралашканда же ур-токмокко кабылганда үн катышат. Ага чейин балдардын эмне кылып, каякта, ким менен жүргөнүнө маани беришпейт. Андан сырткары өлкөбүздөгү миграциянын эң чоң зыяны да ушул өспүрүмдөргө тийип жатат. Ата-энелер чет элде акча жөнөтүп койсо эле маселе чечилет деп ойлошот. Тилекке каршы бул аябай чоң маселе.
Нурзат Бактыяр кызы, Алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону.
- Нурзаттай балбан кыздардын ИИМде эмгектенгени бизди кубантат. Бул кыргыз элинин спортсмен кызы болсо, ИИМдин мыкты кызматкери катары да таанымал. Учурда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын инспектору милициянын улук лейтенанты болуп эмгектенет. Анын үй-бүлөлүк абалын жана спорттогу ийгиликтерин эске алып, Ош ОИИБи тарабынан мыйзамда каралган жеңилдиктер берилип, турак жай берүү боюнча кезекке арызы кабыл алынган. Мүмкүнчүлүк болору менен берилет.

Малик Нурдинов
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы.
Спортчу азыркы күндө декабрь айында Нурсултан шаарында өтүүчү дүйнө чемпионатына кызуу даярданып жаткан учуру. Бул мелдеш Нурзат үчүн абдан маанилүү. Себеби, окуучусу Нурзада Мыктыбек кызы да катышат. Нурзада 70 кг. салмактагы республикалык мелдештерде ийгиликтерди жаратып, келечектен көптү күттүргөн балбан кыз.
-Нурзат эже 2017-жылдан тартып мага ыкмаларды үйрөтүп келет. Мени ар тараптуу колдоп, спорттогу кыйынчылыктарды жеңүүгө, кандай учур болбосун жеңишке жетүүгө үндөйт. 2018-жылы Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык турнирде 70 кг. салмакта күмүш медаль алуума да чоң салым кошту. Өзү да машыктыруучусу жок көп кыйынчылык көргөндүктөн мага көп жардам берет. Учурда дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатабыз. Чогуу машыгып, жакшы ниеттер менен дүйнө чемпионатына өзүбүздү көрсөтөбүз деген ишенимибиз күч.

Нурзада Мыктыбек кызы
Алыш күрөшү боюнча КРсынын спорт чебери.
Улуттук күрөштүн жарык жылдызы, мыкты спортчу Нурзатты кумир туткан жаштар арбын. Алдыда 2020-жылы турмуш жолуна аттануу да планында бар. Анда эмесе декабрь айындагы дүйнөлүк чемпионатта балбан кыздарыбыз кыргыз элинин намысын коргойт деп үмүт кылабыз.


Даярдаган: Каныкей Жороева