АБДУЛЛОХ

45 ЖАШТА
ВИЧ менен ооруганыма беш жыл болду. Мени бул илдетке чалдыкканым эмес, оорум тууралуу балдарымдын, башкалардын билип калышы көбүрөөк тынчсыздандырат. Анткени адамдардын мен жөнүндө сөз кылышынан корком.


12.03.2019
Бейкапар жүргөн балалыгымды сагынам.

Ата-энем мени эркелетип элден кем кылбай чоңойтту. Башкалар кийбегенди кийип, жебегенди жеп өскөнмүн. Элдер нан менен чайга жетпей жүргөндө мен тамакты тандап жечүмүн. Такыр кыйынчылык көрбөй чоңойдум. Анткени үйдө жалгыз уул элем. Кээде ойлоп калам, балким мени жыргал жашоо ушул жолдорго түрттүбү деп.





Абдуллох 16 жашында "бейбаштык" беренеси менен соттолуп, өспүрүм кезинде эркиндиктен ажыраган. Ал балдар менен болгон жаңжалда кызуу кандуулукка алдырып адам өлтүрүп, 8 жылга темир тор артына кесилгенин айтат.
Түрмө - жазанын жеткен чеги деп ойлочумун
Абактын жазылбаган мыйзамдарынын алдында баары алсыз. Анткени темир тор артында уурулар, наркобизнес менен алектенгендер, адамдын органдарын саткандар, адам өлтүргөндөр отурат эмеспи. Ар кошкон кылмышкерлердин чөйрөсү менин жаштыгымды аяп койгон жок. Ур-токмок, аёсуз жаза мени тез эле чөктүрдү. Кандай жол болбосун бул азаптардан кутулуунун жолун тапкым келет эле. Акыры түрмөнүн азабынан кутулуунун айласын да таптым. Чогу отургандар наркотик колдонуп көрбөйсүңбү деп сунуштап калышты. Карасам, маңзат таткандардын баары эле ырахатка батып, кайгыларын унуткандай көрүндү. Мен да азгырылып, наркотик чегип көрүүнү чечтим. Чынында, баардык кайгы-капамды унутуп, жыргал жашоого түшкөндөй болуп жаттым.


Апамдын айтуусу боюнча, атам балаңды унут, эми ал адам болбойт. Эгер оңолгусу келсе, адам өлтүрбөйт болчу деп менден баш тартыптыр. Эне деген ушул экен да, балапанын кыя албай тапканын мага ташып келчү. Кээде акча таштап кетчү, ал акчаларды да баңгизатка иштетет элем. Бул кылганымды ата-энем билчү эмес. Алып келген акчаларын кем-каржысына жумшайт деп ойлосо керек. Азыр апамды эстеп сагынам. Байкушум күйпөлөктөп жүрүп өмүрү өттү.
Түрмөдө үйлөндүм
Абакта 10 жыл отурганымда ата-энемдер мени үйлөп коюшту. Жубайым менин алысыраак тууганым болчу. Экөөбүздүн никебиз түрмөдө кыйылды. Абакканада бир жума жашадык. Андан кийин келинчегим анда-санда келип түнөп кетчү. Ошентип, бир жылдан кийин уулду болдук. Ал сүйүнүчтүү кабарды да түрмөдө уктум. Баламды да торолуп калгандан кийин абакканадан көрдүм.
16 жылдан кийин түрмөдөн чыктым


Абактан чыксам эле баары сонун болчудай сезилчү. Эркиндикке чыксам баңгизат колдонгонду таштайм деп сөз бергем. Ата-энем, жубайым, уулум менен чогу жашоону кыялдангам. Тилеке каршы мага тагдырдын жазасы токтогон жок. Арадан эки ай өтпөй апам оорудан көз жумуп кетти. Апалап кыйкырдым, ыйладым, бирок айла жок муздак жерге берип отуруп калдым. Ошондо жашоомо биринчи жолу наарызы болуп кеттим. Апасыз үйүбүз ээн-эркин бир боштукка айланды.
Кээде апамы сагынганда мүрзөсүнө барып куран түшүрүп турам. Андан башка колумдан эч нерсе келбейт.
Абдуллох апасына куран түшүрүп жатат
Кыргызстан, Ош 13.03.2019
Жашоо уланып жатты
Абдуллох эл катары Орусияга жумуш издеп жөнөп, ал жакта тамак-аш жеткирүүчү болуп үч жыл иштейт. Эмне болуп кеткенин, эмнеге мындай кадамга барганын өзү да жакшы түшүндүрө алган жок. Ал орус жаранынын чөнтөгүнө кол салып, ал жакта "уурулук" беренеси менен эки жылга абакка кесилет. Түрмөнүн азгырыктары аны кайра өзүнө тартып, ал мурдагыдан да көп маңзат колдоно баштайт.
Абдуллох арыктап баратканын байкаган, бирок аны маңзат колдонгонуна шылтоолоп маани берген эмес. Абак мөөнөтү аяктап аны депортациялоо үчүн убактылуу кармоочу жайга которушат. Ал жайда алты ай отурган Абдуллох 35 килограммга чейин арыктап кетет. Дарыгерлер андан анализ алып ВИЧ илдетин табышат. Анын айтуусу боюнча бул илдет ага Орусиянын абагында маңзат колдонгондор менен бир ийнени пайдалангандыктан жугушу мүмкүн. Себеби ал жеткизүүчү болуп иштеп жүргөндө жыл сайын медициналык китепче толтуруп, кан анализи таза чыкканын билип турчу.
"Врачтар мени чакырып ВИЧ илдетине чалдыкканымды айтышты. ВИЧ эмне экенин түшүнгөнүм деле жок. Кайгырмак түгүл эч кандай сезимдер болбоду. Себеби ВИЧ эмне деген оору экенин билбейт болчумун"
Кыргызстанда канча эркек жана канча аял ВИЧ илдетин алып жүрөт?
5302%
Аялдар
8214%
Жалпы ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөр
2912%
Эркектер

КӨП ӨТПӨЙ АБДУЛЛОХДУН САЛМАГЫ 40 КГ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН. МУНУ АЛ ТАМАГЫНЫН НАЧАРДЫГЫ БАЙЛАНЫШТЫРГАН . АНТКЕНИ УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙДЫН ТАМАГЫ АБАКТЫКЫНА САЛЫШТЫРМАЛУУ ЭКИ ЭСЕ ЖАМАН БОЛЧУ. АЛ ЭМИ ВИЧКЕ КАРШЫ БЕРГЕН ДАРЫЛАРЫН ИЧПЕЙ ЫРГЫТЫП САЛГАН. КҮНДӨН-КҮНГӨ АРЫКТАП, ӨЛҮМГӨ КАРАП ЖАКЫНДАП БАРАТКАНЫН КӨРГӨН ОШОЛ ЖЕРДЕГИ КЫЗМАТКЕР АНЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП, ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН УУЛУН ЭСКЕ САЛЫП ЖАШООГО ҮМҮТ ОЙГОТОТ. ДАРЫГЕР АГА МЕКЕНИНЕ КЕТИШИНЕ ЖАРДАМ БЕРЭЭРИН, БИРОК БУЛ ЖАККА КЕЛЭЭРИ МЕНЕН СПИД БОРБОРГО КАТТООГО ТУРУП ДАРЫЛАНУУ ШАРТЫН КОЁТ. АЛ УЧУРДА АБДУЛЛОХДО БИР ГАНА ВИЧ ЭМЕС, КУРГАК УЧУК ООРУСУ ДА ЖАБЫШКАН ЭЛЕ.
2014-жыл май айлары жерге жан кирип жашылданган мезгил. Учактан түшөөрү менен жашыл чөптөр, жаңы ачылган гүлдөр Оштун таза абасы Абдуллохдун көзүнө жаш алдырды. Үйүнө барып атасын, уулун кучактап көпкө олтурганын айтат. Абдуллох берген убадасын аткаруу, жашоо үчүн күрөшү үчүн эртеси күнү Ош шаарындагы СПИД борборго барып Орусиядан алып келген жолдонмонун негизинде текшерилип каттоого турат. Ошондон тартып баңги заттан баш тартып, ВИЧге каршы дарылана баштайт.
"Вич илдетке чалдыккандар СПИД борборго келип эле консультация алышат. Эгер алар биздин борборго бара албаса биздеги консультанттар жана социалдык кызматкерлердин коштоосунда методикалык терепияга жөнөтөбүз. Ал жерден керек болсо катталып, дарыланса болот. Аны менен бирге АРТ дарыларын үзгүлтүксүз ичүүсүн сунуштайбыз. Эгер алар таблеткаларды ичпесе өзүнүн өмүрүнө зыян экенин айтып, психологтордун жардамында түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.
Аларга биз тараптан моралдык жактан колдоо көрсөтүп, ооруп калбашы үчүн акысыз антибиотиктер берилет. Инфекцияны жугузуп алгандар өмүр бою биздин көзөмөлдө болот
"

Роза Абдикаримова
Дарыгер
Учурда каарманыбыздын үй бүлөөсү, бир туугандары, достору анын ВИЧ илдетине чалдыкканын билишпейт. Аны кургак учукка каршы дарыланат деп ойлошот.


"Мен да бул дарыларды кургак учукка каршы ичип жатам деп койгом.
Анткен менен мен ичип жүргөн дарылар терезинин текчесинде эле турат.
Билишпейт деп айтканым менен мүмкүн билип мага айтпай эле коюуну чечишкендир.
Уулум да чоңоюп калган, колунда уюлдук телефону бар, интернетке дарынын атын жазса эле маалымат чыгат да.Уулума мен колдонгон устараны колдонбо, кармаба деп
дайындагам. Жубайым экөөбүз тең уулумдун баскан турганын көзөмөлдөп турабыз"
Кыргызстан, Ош Сулайман-Тоо
Абдуллохдун баш айланткан азгырыктан кутулганына быйыл он жыл болду. Ушул убакка чейин аны бир гана СПИД борборундагы дарыгерлер колдоп келгенин айтат.

"Ал жактагы дарыгерлер баары жакшы, алар сени кадимки адамдай эле кабыл алып жакшы мамиле кылышат. Башка ооруканадагы дарыгерлер болсо дайыма одоно мамиле кылып, кагып силкишет. Ушул нерсе мени аябай кейитет. Анча-мынча ден-соолугум начарлап ооруканага барсам, ал жактагы даарыгерлер "отуруңуз" дегенге жарабайт.Мен аларга капамын. Эгер дарыгерлер өздөрү бизге ушундай мамиле жасап жатса, анда жөнөкөй адамдардан кандай мамиле болоору айдан ачык эле көрүнүп турат. Ошондуктан мен Вич экенимди эч кимге айткым келбейт, айта да албайм, корком. Бул илдетти жада калса өз туугандарымдан да жашырууга мажбурмун. Бул сыр өзүм менен көргө кетет.
Азыр мен 45 жаштамын
Сулайман-Тоо мечити
Жашым өттү, туура эмес жолдо жүргөндүктөн көп ооруга чалдыктым. Мени көргөндөр 60 жаштагы абышка деп ойлошот. Өткөн турмушума ушунчалык өкүнөм. Жашоонун маңызын түшүнбөй, баркына жетпей жүрүпмүн. Азыр кез-кези менен мечитке келип кылган күнөөлөрүм үчүн кудайдан кечирим сурайм. Мындан башка аргам жок. Спид центрге барып дарыгерлерге жардам берем. Анткени ооруну жуктургандарга колуман келишинче жардамымды бергим келет. Мен кетирген каталарды башкалар кайталашын каалабайм.
Сулайман-Тоо мүрзөсү
Учурда үй-бүлөсү менен Ош шаарында жашап жатышат. Ушул жылдар аралыгында канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жүзүнөн байкап турдум. Абдуллох эгер жашоо кайра артка кайтса баары башкача болот эле дейт.
Даярдагандар:
Чыгармачыл топ
Абидинова Алмира
Элдос Султанов
Назгүл Ахунова
Арген Нуров
Туголбай кызы АЙжамал
Техникалык топ
Алишер Нышанов
Азамат Кубатбек уулу
Компьютердик графика
Бактыяр Асылбек уулу



"Сорос-Кыргызстан" Фондунун "ЖМКларды өнүктүрүү" программасынын алкагында даярдалды.
Сайттагы жарыяланган ойлор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

"T-Media" Group
tmediaschool@gmail.com