Кумтөрдүн кен казуу аймагындагы көчкүдөн кийин эки киши табылбай жатат - Т-медиа

Кумтөрдүн кен казуу аймагындагы көчкүдөн кийин эки киши табылбай жатат

«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер дайынсыз болууда. Алар кен казуу аймагындагы жер көчкүдөн кийин табылбай калышкан. Бул тууралуу ишкананын өкүлү Марина Гаврилова билдирди.

— Жекшемби күнү эртең менен Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жер көчкү жүргөн. Баштапкы маалыматтар боюнча эки киши дайынсыз болууда. Азыр издөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет, — дед Гаврилова.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо