Журналист Ош мэриясынын үстүнөн арыз жазды - Т-медиа

Журналист Ош мэриясынын үстүнөн арыз жазды

Журналист Гүлзат Газиева Ош шаардык мэриясынын жана кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага арыз жазды. Ал шаардын вице-мэрине эки жолу сурам кат жазып, толук жооп ала албаган соң, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кайрылган. Андан соң прокуратурага жазууга аргасыз болгон.

Газиеванын айтымында, ал Ош мэриясына ушул жылдын сентябрь жана октябрь айларында эки ирет кат жазган. Биринчи кат шаардын аймагындагы муниципалдык жер участкалары, экинчиси болсо 2017-2018-жылдардагы мэриянын алдындагы жер комиссиясынын отурумунун протоколдору анын чечимдери боюнча болгон.

«Менин суроолорума кыска гана жооп беришти. Мен жооптор толук эмес экенин айтып, экинчи ирет кайрылганда алар маалыматтар сыр экенин, жетекчилик макул болсо, жооп беришерин билдиришти. Негизи мен жашыруун маалымат деле сураган эмесмин. Мэриянын аракетин маалымат алуу укугун чектөө деп гана түшүнүп, арыз жаздым», — деди Гүлзат Газиева.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун айтымында, аларга кат журналисттин атынан эмес, жаран катары жазылгандыктан жооп болгон эмесВице-мэрдин пикири боюнча журналист менен жөнөкөй жаранга эки башка маалымат берилет.

Прокуратурадан журналисттин каты кабыл алынганын, алдыдагы күндөрү жооп боло турганын билдиришти.

Бул арада, Газиева шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовго кол алдындагы кызматкерлердин толук кандуу жооп бербегенин айтып үчүнчү арызын жазган. Ал азырынча мыйзам боюнча катка жооп бере турган 14 күндү гана күтүүдө. Эгер дагы канаатандырылбай жооп берилсе, андан ары мыйзамдуу кадамдарга барууну пландап жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо