Ошто дагы бир ипотекалык көп кабаттуу үй курулат - Т-медиа

Ошто дагы бир ипотекалык көп кабаттуу үй курулат

Ош шаарында экинчи ипотекалык үйдүн курулушун баштоо үчүн иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Ош шаардык турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция, инновациялык технологиялар фондунан билдиргендей, конкурска катышуучулардын табыштамалары ачылып, учурда
документтер конкурстук комиссия тарабынан каралууда.

Үй 9 кабат болуп курулуп, 1-2-3 бөлмөлүү 80 батирден турат, жертөлөсүндө автоунаа коючу жайлар, ал эми биринчи кабатында коммерциялык объекттердин болушу болжолдонууда.

Бирок Ош шаардык мэриясынын буга чейинки берген ипотекалык үйлөрүндө бир канча мыйзам бузуулар катталганын эксперттер айтып чыгышкан. Батир алган жарандар да шаардык мэрияга нааразычылыктарын билдирип, көйгөйлөрү азырга чейин чечиле элек. Бул көйгөйлөрдөн шаардык мэрия бул жолку ипотека берүүдө сабак алабы? же жокпу? күтө туралы.

TMG телеканалы Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби? деген аталышта журналисттик иликтөө жүргүзгөн.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо