Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөлөр боюнча пикирин билдирди. Видео - Т-медиа

Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөлөр боюнча пикирин билдирди. Видео

Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө  айтылган 700 млн долларга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. 

Матраимов УКМКга суракка келгенде журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал журналистик иликтөөдө айтылган 700 млн долларга кыпындай да тиешеси жоктугун айтып, иликтөөнүн автору Мухамедали Токтакунов жана экс-депутат Айтматованы сотко бергенин маалымдады. Анын байлыгы боюнча укук коргоо органдары 7 айдан бери текшерип, эч нерсе таппаганын айткан.

Ал эми «Азаттык» радиосуна маалыматтарды берип турган уйгур ишкери маркум Аеркен Саймайтини тааныбай турганын билдирген. Ошондой эле «Азаттык» радиосун эл аралык сотко берүүгө камынып жатканын кошумчалаган.

«Тергөөнүн талабы экен. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайт экенсиң. Эми мен август айынан бери чет мамлекетте бизнес менен алектенип жүргөмүн. өзүңөр билгендей ызы чуу чыккандан кийин кайра Кыргызстанга келип, тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаалардын бетин ачуу мага өзү кызык. Буйруса тергөө менен кызматташып суроолоруна жооп берип жатам«,-деди Райымбек Матраимов.

Буга чейин да Райымбек Матираимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 29-ноябрда күбө катары суракка чакырылган эле.

Кыргыз коомчулугунда резонанс жараткан иликтөөнү «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо