Балдар сахнада. Ошто дүйнөлүк балдар күнүнө карата концерт өттү (Сүрөттөр) - Т-медиа

Балдар сахнада. Ошто дүйнөлүк балдар күнүнө карата концерт өттү (Сүрөттөр)

Ош шаарында БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) демилгеси боюнча Дүйнөлүк балдар күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата балдар үчүн концерт өткөрүлдү.

Концертке Ош шаарынан 50дөн ашуун мектеп окуучулары катышышты. Анда Ош шаарындагы мектептерден жана атайын интернаттардан келген балдар катышып, өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. Ар бир аткаруу чыгаарда балдардын конвенциясында эмне жазылганын айтып аларга маалымат берип жатышты.

Балдарды куттуктоо үчүн ЮНИСЕФдин Оштогу өкүлү Эраж Каниев, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек  Жылкыбаев келген. Андан сырткары Ош мамлекеттик университетинин студенттери келип балдарга ыр-бийлерин тартуулашты.    «Эч бир бала үй-бүлөсүндөгү адамдан коркуу сезимин туйбашы керек»-деп кошумчалады Эраж Каниев  

Иш чаранын негизги максаты конвенция тууралуу балдарга жана улууларга маалымат берүү, балдардын укуктары жана аларды ар дайым сүйүү керектигин жеткирүү. Бул жыл ЮНИСЕФ Кыргызстан өлкөдөгү балдардын баарынын көйгөйүн  коомчулукка жеткирүү, чечилүүсү үчүн улуттук “ТУМАР” компаниясын иштеп чыккан. Бул 2019-жылдын июнь айынан бери балдарга зордук-зомбулукту токтотуу максатында өткөрүлүп келет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо