Алайда 10 жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй салып беришти - Т-медиа

Алайда 10 жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй салып беришти

Алайдын Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мырзаев атындагны орто мектептин 2010-жылкы бүтүрүүчүлөү 10 жылдык маарекеге баруудан баш тартышты. Анын ордуна айылдагы жалгыз бой, беш балалуу энеге үй салып беришти.

Бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, үйдүн курулушун  кечээ 8-декабрда бүтүрүп, ачкычын тапшырышкан. Бул демилгеси менен жаштар,  10 жылдык мааракелердеги ысырапкерчиликти токтотуу максат кылышкан.

«10 жылдыкка барып, жөндөн жөн акча чачып жок кылыштын ордуна аз болсо да пайдабыз тийсин дедик. Ысырапкерчиликтин ордуна бирөөгө үй салып берип коёлу дедик. Анан башкалар да ушундай кайрымдуулук иштерин кылсын деген идея болду«,- деди  Кабылан-Көл айылынын тургуну Токторбек Адыл уулу.

Үйдүн курулушун бүтүрүүчүлөр өздөрү колго алышкан. Ага жалпысынан 500 миң сомдон ашык карражат сарпталган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо