Ошто журналисттер арасында уюштурулган футболдо «TMG» телеканалы 1-орунду алды


«TMG» телеканалы радио жана телевидение күнүндө Ош шаардык мэриясы журналисттер арасында уюштурган футбол боюнча мелдешинде биринчи орунду алды. 

Мелдешке Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда катышкан.

Анда «TMG» телеканалы биринчи орунду багындырды. 2-орунду  «Тез кабар» жарнамалык каналы жана блогерлерден куралган команда алган. Ал эми 3- орунга Азаттык үналгысы, Пирамида жана Азия телеканалдарынан түзүлгөн командалар жетишти.

 

Биринчи орунду алган «TMG» телеканалына 10 миң сом акчалалай сыйлык, кубок, диплом жана оюнчуларга медалдар тапшырылды.

Мелдешке ФИФАнын эл аралык калысы Дмитрий Машенцев жана улуттук даражадагы калыс Жахангир Сраждинов калыстык кылды.

«TMG» телеканалы 2019-жылдын февраль айында ачылган. Бир жылга жакын убакыттан бери, өлкөнүн түштүгүндө өз берүүлөрүн калыс, бейтарап көрсөтүп, көрүүчүлөрүн топтой алган. Мындан сырткары, t-media.kg  сайты аркылуу да күн сайын жаңылыктарды, берүүлөрдү жеткирип келет.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо