Ошто Папандыктар аймактагы көмүр казуу иштерине каршылыгын билдиришүүдө



Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүндөгү Карагур айылынын тургундары Жол-Чырак карьериндеги көмүр казуу иштерине нараазычылык билдирип чыгышты. Алар көмүрдөн чыккан суу Жол-Чырак көлүнө кошулуп жатканын айтууда. 

Жашоочулардын айтымында, көмүрдүн майдасы да көлгө жакын төгүлгөндүктөн жамгыр менен көлгө кошулуп, мал жандыктар өлүп жатат. Буга каршы чыккан тургундар көмүр кенин иштеткен компаниянын кызматкерлери тарабынан токмоктолгон.

Буга чейин тургундар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да кайрылышкан. Бирок Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана Папан айыл өкмөтүнүн жетекчиси Курманбек Мяшов көмүр кендин ээлери менен жең ичинен кол алышып, маселени чече албай жатканын айтышууда.

«Ушул күнгө чейин элди алдап келе жатышат. Айылдагы ар бир үй-бүлөгө 3 тоннадан көмүр беребиз дешкен. Азырга чейин көмүрдү берип бүтүшө элек. Кечээ барсак бизди уруп, сотко берип койбосун деп, төрт машине көмүр түшүрдү. Акимге биздин көлүбүз көмүргө толуп калды деп кайрылганбыз. Бирок ушул күнгө чейин чара көрүлбөдү. Ушул күнгө чейин суусун көлгө айдап жатат. Казынды калдыктарын жакын төгүшөт«,-деди Карагур айылынын тургуну Шаймерден Капаров.

Тургундар көмүр кенин иштеткен «Жол Чырак» ЖЧКсы тургундарга социалдык пакет катары ар бир үй-бүлөнү 3 тоннадан көмүр менен камсыз кылып туруу боюнча ооз эки келишим түзүлгөнүн, бирок аткарылбай жатканын кошумчалашты.

Жол Чырак көлү

Ал эми экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Кара-Суу районундагы жетекчиси Адилет Мокеев кызматка келгенине бир ай болгонун айтып, жогорудагы аты аталган көмүр карьерлери бир жылда бир жолу гана текшериле турганын айтты.

«Көмүр карьерлерине текшерүү декабрь айында планга киргизилген. Жеке ишкер субъекттерин текшерүүгө экономика министрлигинен уруксат алыш керек. 10-декабрдан текшерүү башталат. Текшерип туруп анан жыйынтыгын айтабыз«,-деди Адилет Мокеев.

Айыл өкмөт башчысы Курманбек Мияшов  Жол-Чырак көлүндө чындап эле экологиялык көйгөйлөр бар экенин, бирок тургундар айтканчалык деңгээлде эместигин билдирди. Айыл өкмөт башчы көмүр кенин иштеткен компания менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы пикир келишпестиктер болуп жатканын айтып, аны милиция кызматкерлери менен биргеликте барып көйгөйдү чече турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Папан айыл өкмөтүндө Карагур айылындагы көмүр карьеринде «Жол Чырак»ЖЧК аттуу окшош аталыштагы эки компания көмүр казат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо