"Чыда". Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт - Т-медиа

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

Ушул жылдын жазында Жалал-Абадда 2 жашар кыз ур-токмоктон улам оор абалда ооруканага түшүп, каза болду.  Экспертиза кенедей наристе көптөн бери сабалып жүргөнүн аныктап, шектүү катары таенеси табылды. Биз өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулуктардын эмнеден улам көбөйүп жатканын жана аларды эмне бириктирерин түшүнүү, билүү үчүн окуялардын базасын түздүк. Анда акыркы беш жылда онлайн ММКларга чыккан балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо учурларынын эки жүзүн чогултуп чыктык.

Ибрагим быйыл 1-класста окушу керек эле. Бирок ал акыл-эс, физикалык жактан өз курдаштарынан бир топ эле артта. Бала ар дайым бирөөнүн камкордугуна муктаж. Өгөй энеси багып алган жеткинчектен соцкызматкерлер маал-маалы менен кабар алып турат. 

Бүт Кыргызстанды толкуткан окуя 2015-жылы жүз берген эле. Эки жаштагы Ибрагимди комага түшкүчө сабап, зордуктаган агасы өмүр бою эркинен ажыратылды, жеңеси 15 жылга кесилди. Бирок бала майып болуп калды — өз алдынча басып, сүйлөй албайт.

Тилекке каршы, Ибрагим — үй-бүлөлүк зомбулуктун жалгыз курмандыгы эмес. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы 5 жылда балдарга карата жасалган зомбулуктун саны өсүп жатат. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы көрсөткүч 187ге жетти.  Ал эми быйылкы жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзүп жатат. Бул биздин өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди түшүндүрөт.

Ар бир трагедиянын артында эмне турат? Жана ушул бардык окуялардын ортосунда биздин балдарга карата болгон зордук-зомбулукту токтотууга жардам бере турган байланыш барбы?

Мындан улам биз өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулуктардын эмнеден улам болуп жатканын түшүнүү, билүү үчүн окуялардын базасын түздүк. Анда акыркы беш жылда онлайн ММКларга чыккан балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо учурларынын эки жүзүн чогултуп чыктык.

Нуртилек, Айдар (балдардын аты өзгөртүлдү)  — бул дүйнөгө келгенден кеткени бат, тагдыры окшош наристелер. Эки жаштагы Нуртилек Ош шаарында, бир жарым жашар Айдар Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүндө жашачу. Экөөнүн тең ата-энеси ажырашкан соң, бирин апасы, экинчисин атасы жакын туугандарына таштап, Орусияга кеткен эле. Былтыр кышта Нуртилекти жеңеси, Айдарды таежеси катуу сабап, экөө тең чарчап калышты. Кичинекей балдарды өлөрчө сабаганга жеткирген себеп – шымына сийип койгону болду.

 

 

Биздин анализ, өспүрүмдөргө жасалган аяоосуз мамиленин үчтөн экиси алардын жакындары, ата-энеси, туугандары тарабынан боло турганын көрсөттү.

 

ата-энеси — 34%                                          тууган, жакындары — 32%                                    чоочун адамдар — 34%                

Эмнеге балдар өз жакын адамдары тарабынан зомбулукка кабылып жатышат? Мунун негизги себеби —  балдарды тарбиялоодогу туура эмес ыкмаларды колдонуу жана коомдун кайдыгерлиги. ЮНИСЕФ маалыматы боюнча ата-энелердин жана асыроочулардын 70%ы балдарына кыйкырса, ал эми  48%ы уруп же сабашат, кээ бир учурларда бул узакка созулат.

Психологдордун айтымында, балдардын зомбулукка кабылышы – чоң трагедия. Анткени жашында кордук көргөн баладан кийин мээрим күтүүгө болбойт. Ал өзү кабылган зомбулук мамилени кийин ошол эле ата-энесине же балдарына кайталашы толук ыктымал.

“Бала үчүн ата-энеси жакындары эң биринчи орунда турган адамдар. Бала ишеним артып, мээрим, жылуулук күткөн адамдардан күч колдонулуп, зомбулук кылынса, ал баладан кийин мээримдүү адам чыгышы кыйын.Жашында өзү кордук көрсө, ал кийин ошол жакындарына, өзүнүн балдарына да сөзсүз зомбулук кылат. Мээрим төгө албайт. Мындай окуяга кабылган балдарга жардам бергенге бизде психологдор да жетишсиз, коом да кайдыгер. Эгер ошондой балдарды билсек, жакындары эле эмес, коомчулук да биздин бала деп, башынан сылап психологго алып барып жардам берсе дейт элек. Адистер канчалык эрте кийлигишсе, ошончолук жакшы», — дейт психолог Дөөлөтхан Кабыкова.

Кабыкова кошумчалагандай, зомбулукка кабылган балдардын дээрлик басымдуусу психологго кайрылбайт. Анткени жаш бала мындай мүмкүнчүлүк жөнүндө билбейт. Ал эми ата-эне, жакындары муну жаап жашырып жатып, баланын бүтүндөй тагдырына таасирин тийгизип коюшат.

Эң аянычтуусу – балдар зомбулукка системалуу түрдө узак убакыт бою кабылып келгени. Биз ачык булактардан чогулткан 200 зомбулук фактысынын  31инде кичинекей курмандыктар кордукка көп убакыт, мисалы, беш жылдап чыдаган. Бирок ошол эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн кайдыгерлиги, көзөмөлгө албагандыгынан улам мындай учурлар билинбей келген.

Баткен облусунда 16 жаштагы кызды өз атасы эки жыл бою зордуктап жүргөн. Окуя качан гана өспүрүмдүн курсагындагы бала билинип калганда — 2016-жылы ачыкка чыккан эле. Үй-бүлө башчысы аялы Бишкекте кургак учукка каршы дарыланып жүргөндө өз кызын жыныстык катнашка мажбурлаган. Түйүлдүк жети ай болуп калганда, ата Орусияга из жашырып качкан. Кызды чоң энеси коңшу Тажикстанга алып чыгып кетет да, ошол жактан төрөтөт. Айрым маалыматтарда, чоң энеси ымыркайды тумчуктуруп койгон, кийин Марказ айылындагы көрүстөрдүн биринде жерге берип коюшкан.

Чогултулган макалаларга жасалган биздин анализ эркек балдар менен кыздар зомбулуктун эки башка түрүнө кабыла турганын көрсөттү. Балдар көбүнчө ур-токмок, өлтүрүүгө кабылса,  зомбулукка кабылган беш кыздын төртөө сексуалдык ыдыкка туш болушат. Дагы бир жагдай – кыздардын жарымы зордук-зомбулуктун запкысын 10-14 жашында тартат. 

2019-жылдын август айында Чүйдөгү Жаңы-Жер айылында 14 жаштагы кыз өз атасынан көз жарганы белгилүү болду. Ымыркайды сатып жиберип, жакындары окуяны сыртка чыгарбаганга аракет кылышкан. Апасы таштап кетип калбасын деп коркуп, күйөөсүнүн карачечекей кызын зордуктап жүргөнүн эч кимге билдирген эмес.

Мынтип өтө оор кылмышты жаап-жашырып, айыптууну темир тордон куткарып калуу аракети сөз болуп жаткан үй-бөлөдө гана болбойт. Ал тургай факты коомчулукта резонанс жаратып жатса деле өз ара сүйлөшүү жолуна барышат. Юрист Нургазы Абдувалиевдин айтымында, дээрлик балдарга карата жасалган зомбулуктун 80 пайызы жаап жашырылып, күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылбай калат.

«Балдарга кордук көрсөткөн адамдарга кылмыш иши козголушу керек. Бирок аны козгоо үчүн сөзсүз түрдө кимдир бирөө арызданышы керек. Же болбосо ММКларда жарыялынган болсо да козголот. Бирок бизде көбүнчө жаап-жашырылып калат. Көбүнчө экинчи турмуш курган үй-бүлөлөрдө ушул колдонулат. Анткени кыздар өгөй атасы тарабынан зордолуп, энеси турмушун бузбаш үчүн баарын жашырат. Балдар  ур-токмокко кабылса, “чыда” дешет. Ошондуктан үй-бүлө институттары иштеш керек. Ар бир бала, үй-бүлө менен жеке иштеш керек. Жаап-жашырбай, жазасы берилсе да азаймак. Тосмо арыз жазып койгондо, органдар аны албай да койо албайт. Бирок ал балага карата жазадан бошотпойт. Болгону жеңилдетет», — дейт юрист Нургазы Абдувалиев.

Kloop.kg маалматтык порталынын журналисттери http://act.sot.kg сайтынан чогулткан  кылмыштардын базасын карадык. Биз андан Жогорку Соттун кылмыш жаза кодексиндеги адам өлтүрүү, зордуктоо, ур-токмокко алуу кылмыштары боюнча чыккан акыркы 5 жылдагы жалпы өкүмдөрдү окуп чыктык.

Башкы прокуратурада акыркы беш жылда айтылып кеткен беренелер боюнча 1053 кылмыш иши катталган. Бирок жазасын алуу боюнча соттун чечими андан алда канча аз. Базанын маалыматына ылайык, сотко чейин болгону 9 гана иш жеткен. Өлтүрүү боюнча  5, ур-токмокко алуу — 2, ал эми зордуктоо боюнча 1 гана кылмыш иши сотто каралган. Бир иш төмөнкү инстанцияга кароого жиберилген. 

Мындай окуяларда зордукка кабылган балдарды мамлекет өз камкордугуна алып, коргоп, багып алгандарга берүүсүнө чектөө киргизип, укук коргоо органдарында тосмо арыз жазуусун каттуу көзөмөлдөшү керек. Ал эми жергиликтүү бийлик ата-энесинен ажырыган жарым жетим, мигранттардын балдарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл.

Анткени ата-энеси миграцияга кетип, балдарын жакындарына калтырып кетиши да өспүрүмдөрдүн зомбулукка кабылыша алып келип жатат.

Бирок, эң жакшысы кылмыштардын алдын алуусу. Тобокелдиктеги үй-бүлөлөр менен иштөө. Андай үй-бүлөлөрдү табууга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчынын атайын доклады жардам берет.

Докладдын негизинде балдарга карата зомбулук болгон үй-бүлөлөрдө көбүнчө ата-энесинин адистик же жогорку билими жок. Ар бир экинчи үй-бүлөдө жок дегенде бир жумушсуз бар, бирок алар жумушка жарамдуулар — үй-бүлөдө пенсионерлер жок. Үч үй-бүлөнүн экиси жакырчылыкта жашайт. Беш баланын үчөөсү ата-энесиз же ата-энелеринин бирөөсү жок жашайт. Көбүнчө үй-бүлөлөр көп балалуу эмес — эки балага чейин.  

Балдарга карата зомбулук менен күрөшүүдө биринчиден алдын алуу жана коомдуу агартуу болуш керек. Ата-энелер тарбиялоо зомбулуксуз болуш керектигин түшүнгөндө жана зоордуктолор үй-бүлөнүн ичинде жашырылбаганда үй-бүлөдөгү зомбулук токтойт. 

Эгерде сиз балдарга карата зомбулука кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн баардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү дем алышсыз иштейт. Сизге кеңеш, психологиялык жардам бере алышат. Эгерде кийлигишүү керек болсо сиздин кайрылууңуз тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Зомбулука кабыл болгон балдарга жардам бере турган борборлор, төмөнкү даректерде жайгашкан.

1.Бишкек шаары, Карасаева көчөсү №73

Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934

1.Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1

Телефон: 03222 6228

1.Талас облусу, Талас шаары

Телефон: 0778 4366775

1.Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163

Телефондор: 03922 50405, 03922 50212

1.Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ыссык-Көл көчөсү №33

Телефон: 03945 24546

Бул материал USAIDдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Анастасия Валееванын ментерлиги астында Дүйнөлүк Банк, DFID, IDEM менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири Интерньюстун жана өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Материалды даярдагандар: Айдай Беделбек кызы, Саадат Төлөгөнова

Редакторлору: Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева, Мырзайым Жаныбек кызы

Иллюстративдүү сүрөт: Александра Титова

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо