Өзбекстандын Олий Мажилисина этникалык кыргыз депутат болуп шайланды



Өзбекстандын Олий Мажилисинин мыйзам чыгаруу палатасына этникалык кыргыз Нодира Жанибекова депутат болуп шайланды. 

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыялангандай, Нодира Жанибекова  Сырдарыя облусунун Янгиер округунан депутат болуп шайланган. Ал бул шайлоого Өзбекстандагы «Адолат» социал-демократиялык партиясынын атынан катышкан.

Нодира Жанибекованын 1973-жылы Ташкент шаарында туулган. Ал Гулистан мамлекеттик университетинен «Мамлекеттин негиздери жана укук» адистиги боюнча билим алган. Аталган университетте ага окутуучу болуп эмгектенет. Мындан сырткары, Сырдарыя облусундагы Кыргыздардын улуттук маданий борборунун төрайымы кызматын да аркалап келет.

Буга чейин Өзбекстандагы парламенттик шайлоого этникалык кыргыздардан да катышып жаткандыгы тууралуу айтылган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо