Иран менен АКШнын аскердик мүмкүнчүлүктөрү кандай ? Инфографика


Учурда Иран менен АКШ ортосунда абал туруктуу эмес. Мындан улам, эксперттер эки өлкө оторсундагы конфликтке байланыштуу,  алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн эсептеп чыгышты.

Буга чейин Иран АКШнын  Ирактагы авиабазаларына 10 дон ашуун  ракеталык чабуул жасаган. Муну Иран Ислам революциясынын колдоочулар корпусу жасаганын айтты. Буга Багдадда өлтүрүлгөн генерал Касем Сулеймани үчүн өч алуу себеп болгон.

Иран америкалык аскердик обьектилерге дагы кол салууга убада берди. Ал эми Дональд Трамп эгерде Иран айткан убадаларын аткарса, Ирандын 52 обьектилерин бутага ала турганын билдирди.

DW  басмасы  эки өлкөнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө фактыларды төмөнкү инфографикада көрсөттү.

Инфографикага таянсак АКШнын  коргонууга сарптаган каражаты 648.7 млрд долларды түзөт. Ал эми Иран болгону 13,1 млрд доллар кетирген. АКШнын куралдуу күчтөрүндөгү жоокерледин саны 1 359 000, Иранда 523 000 ду түзөт. АКШнын резервиндеги аскердин саны 845 000, ал эми Ирандыкы  350 000ге жетет. Ирандагы артиллериялык куралдардын саны 6798 , АКШда 1856 .

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо