Ирактагы «Балад» авиабазасына кол салуу болду


Ирактагы «Балад» аскер базасы атууга кабылды. 

Ирак аскерлеринин маалыматы боюнча, жекшембиде аталган базага карата сегиз жолу артилериялык ок учуп келип түшкөн. Анын жетөөсү аэропорттун учуу — конуу тилкесине түшүп, жыйынтыгында төрт ирактык аскер жабыркаган. Анын экөөсү офицерлер. Азыркы учурда ким жана кайсыл тараптан кол салганы белгисиз болууда. Айта кетчу жагдай. Аталган аскер базасында америкалык аскерлер орун алган.

  



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо