150 бала убактылуу фостердик үй-бүлөлөргө берилди



Өлкөдө 150 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөргө берилди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиргендей, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат.

Ал үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүүсү зарыл. Аларга убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок, өздөрүнүн балдарын кошкондо 5 баладан ашпашы керек.

Фостердик ата-эне болууну каалагандар жарандар жашаган жери боюнча райондук же шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу зарыл. 30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан жогору эмес, баалоодон, окуудан, тандоодон өтүшкөн жарандар багуучу ата-эне боло алышат.

Министрлик багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом өлчөмүндө айлык акы, ал эми балдардын өздөрүнө (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) 6 миң сом ай сайын бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн тез арада алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо