Аида Касымалиева: «Түндүк» электрондук системасы толук иштебей жатат



«Түндүк» электрондук системасы толук кандуу иштей албай жатат. Бул тууралуу ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева TMG телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Касымалиева «түндүк» системасына мамлекеттик органдар бара бара кирип жатканы менен, айрым министрликтер абдан чабал деп сындады. Саламаттыкты сактоо министрлиги аныктамаларды берүүдө өзүнүн ишин аткара албай жатканын билдирди.

«Эгер түндүк системасында бардык ишканалардын справкалары көрүнүп турса, жарандар келип, бирдиктүү терезе сыяктуу мага жөлөк пул керек болуп жатат десе, түндүктөгү кызматкер ошол жерден карайт. Мунун үйү же машинасы бар. Жашаган жеринен тастыктама жана башка тастыктамалар ошол системада болушу керек. Жыйынтыгында кызматкер карап чыгып, жөлөк пул берет же бербейт. Ушундай кылып жеңилдетиш керек«,-деди Аида Касымалиева.

Касымалева кошумчалагандай, Чүйдө ички мигранттар көп ошондуктан жөлөк пулду жашаган жеринен эле бериле турган болгон. Бирок жөлөк пул алуу үчүн азыр иштебегендиги тууралуу тактама керек. Ал тактаманы жашаган жеринен алуу керек. Мына ушундай карама каршылыктар көп экенин айтты.

Эске сала кетсек, өткөн 2019-жылдын 29-майында  өлкөдөгү 53 мамлекеттик орган «түндүк» электрондук системасына кошулган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо