Миллиардер адамдардын 5 жөнөкөй эрежесин билесизби? - Т-медиа

Миллиардер адамдардын 5 жөнөкөй эрежесин билесизби?

«Ideanomics.ru» маалыматтык порталынын журналисттери акыркы беш жылда көптөгөн белгилүү Илон Маск, Опра Уинфри, Билл Гейтс, Уоррен Баффет жана Марк Цукерберг сыяктуу белгилүүлөрдүн өмүр баянын изилдеп чыгышкан.

Алардын изилдөөсү — академиялык изилдөө эмес, бирок таң калычтуу нерсени көрсөтөт. Бул дүйнөдөгү белгилүүлөрдүн ичинен, алар көбүнчөсү бош эмес болушса да өздөрүнүн иш таржымалын өнүктүрүүгө болбоду дегенде күнүнө бир саат убакыт бөлөт. Алар изилдөөнү “Беш саат эрежеси менен” деп аташты.

Алар “Беш саат эрежесин” кантип колдонушат. Изилденген миллиардерлер өздөрүнүн “5 саат” иш-аракеттерин үч бөлүккө бөлүшөт.

1.Окуу

Serious male student reading a book

Nike фил негиздөөчүсү өзүнүн китепканасын абдан сыйлагандыктан, ал жака киргенде бут кийимин чечип кирген. Адатта чыгыш өлкөлөрүндө үйдө жүргөндө бут кийим чечилбейт.

Опра Уинфи өзүнүн ийгилиги үчүн китеп окуйт:

“Китептер менин эркиндигиме чыгуума жол эле”. Ал өзүнүн тынч дүйнөсү китеп дүйнөсү экенин айтат.

Башка миллиардер-ишкерлердин окугандарын көрсөк:

  1. Уоррен Баффет күнүнө беш-алты саат беш гезит жана 500 корпоративдик отчет окуйт.
  2. Билл Гейтс жылына 50 китеп окуйт.
  3. Марк Цукерберг эң азы дегенде ар эки жумада бир китеп окуйт.
  4. Илон Маск, анын агасынын айтуусунда ал бала кезинде күнүнө экиден китеп окучу.
  5. Марк Кубан күн сайын 3 сааттан ашык убакыт китеп окуйт.
  6. Home Depot биргелешкен уюмунан Артур Бланк болсо күнүнө эки сааттан окуйт.
  7. Миллиардер-ишкер жана Cleveland Cavaliers тин ээси ар күн сайын бир же эки сааттан ашык убакыт китеп окуйт                                                                                                                                                                                                                                                                              Ой жүгүртүү

Беш саат формуласында калган убакыт ой жүгүртүү менен.

AOL Тим Армстронг директору өзүнүн командасын жумасына төрт саат жөн гана ойлоо менен өткөрүүнү айтат. Джек Дорси-сейилдөөнү абдан жакшы көрөт. LinkedIn компаниясынын директору Джефф Вейнер күнүнө эки саат ойлонот. Брайан Скудамор O2E Brands компаниясынын негиздөөчүсү жумасына 10 саатты жөн гана ойлонуу менен өткөрөт.

Кода Риду Хофманга идеяларды ойлонууда жардам керек. Ошол убакта ал өзүнүн жигиттеринин бири Питер Тиля, Макс Левчин же Илон Маскка чалат. Ал эми миллиардер Рей Далио ката кетиргенде аны компаниясындагы башка баардык ишкерлер көрүүсү үчүн жумуш ордундагы баардык кызматкерлер бар системага каттайт. Андан кийин ал командасы менен ошол катанын эң негизги себебин табуу үчүн бир убакытты белгилеп атайын сүйлөшүшөт. Миллиардер-ишкер Сара Блейкли — тажрыйбалуу журналист өзүнүн интервьюсунда анын өтө коркунучтуу окуялар тууралуу жазылган 20дан ашык дептери бар экенин айтат, андан кийин ошол окуялардын жыйынтыгы кандай кубанычтуу окуялар менен кайтып келгени жазылган.

                                                                                Эксперимент

Беш саат формуласында бат эксперимент жүргүзүү. Бен Франклин өзүнүн бүткүл жашоосунда эксперимент үчүн атайы убакыт бөлгөн. Жанындагы ою тектеш адамдар менен чогуу иштешкен. «Google» жумушчуларына жаңы долбоорлор менен иштөөсү үчүн жумуш күнүнүн 20% эксперимент жүргүзүү үчүн берет. «Facebook» Hack-A-Months аркылуу эксперимент жүргүзөт.

Эксперимент жасаган адамдардын эң жаркын мисалы болуп Томас Эдисон болушу мүмкүн. Ал гений болсо дагы жаңы ачылыштарга кылдат мамиле кылган. Ал баардык мүмкүн болгон чечимдерди белгилеп чыккан, андан кийин алардын ар бирин системалык түрдө текшерген. Анын өмүр баянчысы айткандай “Ал өзүнүн убактынын теориясын билсе дагы, белгисиз көйгөйлөрдү чечүүгө да убакыт коротконун” айтат. Анткени ал аткарылган иштин жыйынтыгын билүү керек деп эсептейт.

5 саат эрежесинин күчү: өзүн-өзү өркүндөтүү ылдамдыгы

Беш саат эрежесин колдонгон адамдардын артыкчылыктары бар. Көп учурда бул идеяны практика жүзүндө ишке ашырчулар көп учурда катаал иш менен чаташтырышат. Андан сырткары көпчүлүк профессионалдар канчалык бат кылынууга эмес, эффективдүүлүк жана иштеп чыгарууга маани беришет.

                Окууга мамилени физикалык көнүгүүлөрдү жасагандай эле мамиле кылуу керек

Дени сак жашоо образы үчүн күн сайын көнүгүү жасап, балким кошумча витаминдерди ичебиз. Витаминдердин белгилүү бир өлчөмү болгондой эле экономикалык ден-соолукту жакшыртуу үчүн да күн сайын окуп, үйрөнүп туруу керек.

Эгер сиз эч нерсеге үйрөнбөсөңүз ден-соолугуңузга коркунуч келет. AT&T компаниясынын директору бул тууралуу New York Times басылмасына так айтып берген. Анын айтуусунда эгерде сиз окубасаңыз убакыттын өтүшү менен ден соолукту карабай койгондон да жаман болоорун айтат. «Ким бир жумада жок дегенде 5-10 саат онлайн окубаса, моралдык мааниде картайышат».

“Беш саат эрежесин” өз жашооңузда колдонууну калаайсызбы?

Эң ийгилктүү адамдар окуу үчүн күнүнө сөзсүз бир саат убакыт бөлөт. Сиз дагы кыла аласыз!

Ал үчүн болгону үч кадам кылуу керек:

  1. Убактыңыз аз болсо да, окуу үчүн атайын убакыт табууңуз керек.
  2. Жогоруда айтылгандарды башка нерсеге алаксыбай, калтырбай аткарыңыз.
  3. Ар бир сааттан кийинки жыйынтыкты анализдеп, тереңдетип үйрөнүп чыгыңыз.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо