Ошто аксакалдар сотунун төрөгасы 70 гектар жерди ээлеп алганбы? - Т-медиа

Ошто аксакалдар сотунун төрөгасы 70 гектар жерди ээлеп алганбы?

Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгынын тургундары айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы Жаныбек Камилов мыйзамсыз 70 гектар жерди ээлеп алган деп айтып чыгышты. 

Алар шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовго арыз менен бир ай мурда кайрылышкан.

Жапалактыктардын арызында Жаныбек Камилов элдин жерге болгон укугун бузуп, алардын жерлерин тартып алганы жазылган. Ошондой эле 70 гектар жерди жакын туугандарына каттатып, бирок өзү иштетээри, ал эми жашаган үйүнүн аянты эки гектарды түзөөрү айтылган.

Тургундар айылда 4 сотых жер ала албай жатканын айтып, Камиловго тишелүү 70 гектар жерин жана мыйзамсыз иштерин текшерип берүүнү укук коргоо органдарынан суранган. Камиловго тишелүү жерлер үчүн салык төлөбөй турганын жана аксакалдар сотунун төрагасы кызматынан бошотуп берүүнү талап кылган.

«Биз айтып жаткан ар бир жерди биз толук кандуу билебиз жана сүрөттөрдү арызга далил катары тиркейбиз. Мыйзамсыз басып алган жерлерине мыйзамсыз курулуштарды курган. Эмне үчүн эч ким текшербейт»,- деп айтылат тургундардын арызында.

Тургундардын арызы боюнча, Жаныбек Камиловдун өзү менен байланышууга кылган аракетибизден жыйынтык чыккан жок.

Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров мэрдин атына Жапалак айылынын тургундарынан арыз келбегенин айтып, бул маалыматты четке какты. Бирок арыз 2019 жылдын 18- декабрында жазылып, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго, шаар прокуратурасына, УКМК, каржы полициясына жиберген.

Ал эми Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда, Жаныбек Камиловдун атында 6 гектар 80 сотых жер катталган. Мындан сырткары ижарага алган бир гектар жеринин үстүнөн учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.

Үй-бүлөсүнүн атында 5 гектар 21 сотых жер катталган. Жерлер ар кандай мөөнөткө берилген.

Учурда Жапалактыктардын арызынын негизинде Ош шаардык прокуротурасынын прокурору Адилет Тимуров териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Биздин чыгармачыл топ бул теманы эртең дагы иликтеп, чагылдырып беребиз.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо