Журналист Темировго кол салууга шектелип 4 жаран кармалды



«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировду сабаганга  шектелип төрт киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, бүгүн 14-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясынын кызматкерлери Темировго кол салган деген төрт шектүүнү кармаган. Алар Жалал-Абад облусунун 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б, 1992-жылкы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О аттуу тургундары.

Кармалгандар шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Жазык кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталууда.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабап кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Ал 12-январдагы социалдык тармактагы баракчасына бул аракеттердин баары аны коркутуу экенин дагы бир ирет жазып, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылуу боюнча ишин улантарын билдирген.

Учурда милиция кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатканын, анын жүрүшүндө шектүүлөрдүн аракетине кошумча юридикалык баа берилерин кошумчалады.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо