Ош шаардык кеңешинин ишин кандай баалайсыз? Кайсыл депутатты кайра шайлайсыз? - Т-медиа

Ош шаардык кеңешинин ишин кандай баалайсыз? Кайсыл депутатты кайра шайлайсыз?

Ош шаардык кеңешинин азыркы чакырылышынын депуттары аз убакыттан кийин өз ишин жыйынтыктайт. Март айынан баштап кийинки чакырылыштагы депутаттарды шайлоого даярдыктар башталат.

Азыркы IV чакырылышка 2016-жылы жалпы 6 фракциядан 45 депутат шайланган.

Биз учурдагы шаардык кеңештин фракция лидерлеринен, алардын шайлоо учурундагы убадалары менен 4 жыл аралыгында аткарган иштери жана алдыдагы пландары тууралуу сурадык.

Алардын берген жооптору менен таанышып, өзүңүздүн татыктуу деп билген, кийинки шайлоодо да депутат катары көргүңүз келген эл өкүлдөрү менен партияларга добуш бериңиз.

“КСДП” фракциясы

Тажимамат Эркебаев — лидери

Шайлоо убагында берген убадалар менен аткарылган иштер?

 «Эми шайлоо убагында элге көп эле сөздөр айтылган. Ошонун ичинен биз социалдык маселелерди, андагы  коррупциялык элементтер менен күрөшүү боюнча айткан элек. Бул боюнча ар бир сессияда сөздөр көп болду. Электрондук система киргизилди. Жетекчиликтерди алмаштырдык. Шаардын тазалыгы, экологиялык абанын булганышы боюнча маселелерди чечүү үчүн жетекчисин алмаштыруу менен техника алып, бюджетин караганга чейин бардык. Көбүнчө эле аткара албадык деп айта алам. Анткени ага себеп болгон ар түрдүү факторлор бар экен. Айрыкча коррупция боюнча. Социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлерди үй менен камсыздоо үчүн депутаттардын демилгеси менен муниципалдык ипотеканы 12 % дан 6 %га түшүрүп андан кийин арыз даттануулардан соң 4 пайызга чейин түшүргөнгө жетиштик. Шаарда 4 жыл мурункуга караганда бир топ өзгөрүүлөр бар деп айта алам. Айтылган убадалар боюнча бир топ иштер болду. Бир дагы колубуз тийбей калды дегенден алыспыз. Аз же көп тийип калды десек болот, такыр эле аткарылбай калды деген убада жок»

Төрт жыл аралыганда шаардагы көйгөйлөрдү чечүүдө кандай кысымдар болду? 

«Жеке мага эч кандай басым жасоо болгон жок. Башка партиялаштарымдан да мага бул маселе боюнча бири да кайрылган жок. Биз өз оюбузду эркин айттык. Ал эми материалдык жактан пайда тапкан жокмун. Анткени мен бизнесмен эмесмин, окутуучумун. Моралдык жактан элге бир аз да болсо пайдам тийди, партиялаштарымды да ошентип ойлойм. Өткөндө карылар үйүнө телевизор көргөнү жери жок экен ошону курдурдук. Бул да болсо бир аз жакшылык деп ойлойм». 

Шаар көйгөйлөрүн чечүүдөгү кийинки кадамдар?

«Эми мына кудай буюрса шаардык бюджеттин өсүшү боюнча көп аракеттерди кылдык. Бул жерде ишти аткаруу үчүн бюджет жакшы болушу керек. Шаар өзүн өнүктүрүү үчүн чоң үйлөр курулуп атат. Шаардык архитектура курулуштарга басым жасоо керек. Антпесе эртең бул курулуштар бизге зыян алып келиши мүмкүн. Анан экологияга көңүл буруу керек. Мындан тышкары дайым колгоо алып келген маселе социалдык маселелер аз камсыз болгондор, окутуучулар, врачтарга көңүл бурдуруу»

 “Мекеним Кыргызстан” фракциясы

Ашим Осмонов — лидери

Шайлоо убагында берген убадалар жана аткарылган иштер?

«Биз жаңы партия болгондуктан көп убадаларды берген эмеспиз. Көп эле кайрымдуулук иштерди, социалдык көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылдык. Шаардын өнүгүүсү үчүн жакшы чечимдерди эле чыгардык деп ойлом»

Төрт жыл аралыганда шаардагы көйгөйлөрдү чечүүдө кандай кысымдар болду? 

«Биздин партияга, биздин депутаттарга эч кимден кысым болгон жок. Көбүнчөсү элдин талабы менен чыктык. Көбүнчө ушул чакырылыштагы депутаттар элдин көйгөйлөрүн көтөргөдүктөн эч кандай кысым деле болгон жок. Материалдык жактан эч кандай пайда болгон жок. Анткени элдин атынан шайланган ар бир эл өкүлү эл менен болуп жардам бергендиктен моралдык жактан көп жакшы иштерди жасадык деп эсептейбиз»

Шаар көйгөйлөрүн чечүүдөгү кийинки кадамдар?

«Шаардагы эң көйгөйлүү делген социалдык тармакка басым жасадык. Фракцияда отурумдарды кылдык. Шаардын, тамак-аш жайларынын санитардык абалы, бейтаптардын ден соолугу, ооруканалардын абалы боюнча көрүп чыктык. Токтомдорду кабыл алып, чечимдерди талап кылганга чейин бардык. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борбору ачылды. Тез жардам маселесинде аны шаардын ар кайсы аймактарына бөлүү боюнча маселе, азыр каралып ишке ашканы турат. Аймактык башкармалыктарда ФАПтарды жаңылоо, төрөт үйүнүн ремонтто биздин демилге. Көп эле маселе көтөрүлгөн»

“Кыргызстан” фракциясы

Салман Назылбеков — лидери

Шайлоо убагында берген убадалар жана аткарылган иштер?

«Шаардагы болуп жаткан иштердин ар бири биздин демилге идеялар менен болот. Ошол нерселерди мыйзамдаштыруу, туура эмес нерселерди болтурбоо ушул биздин кылып жаткан иштер деп билем. Биздин партия Ош шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө жардам беребиз деп келгенбиз. Жаш балдар аянтчаларын кылдырып бердик, жарыктандыруу да башка ушул сыяктуу иштерди жасадык»

Төрт жыл аралыганда шаардагы көйгөйлөрдү чечүүдө кандай кысымдар болду? 

«Жок андай нерсе болгон жок. Биздин партия көпчүлүк коалицияга кирген эмес. Кайсыл мэр келсе да шаардын, элдин кызыкчыгы үчүн иштешдик. Материалдык жактан зыяндан башка эч кандай пайда көрө алган жокпуз. Моралдык жактан көп эле сокку болот экен. Жакшы жаман сөздөрдү тең угат экенсин»

Шаар көйгөйлөрүн чечүүдөгү кийинки кадамдар?

«Алдыда пландарыбыз көп. Аткара албай калган жумуштар көп болот экен. Оюңда көп нерсе жасагың келет, бирок ар дайым эле сен ойлогондой боло бербейт экен»

«Республика — Ата-Журт»  фракциясы

Темирбек Жунусов — лидери

Шайлоо убагында берген убадалар жана аткарган иштер?

«Көп эле убадаларды бергенбиз. Алар шаардын социалдык көйгөйлөрү жана жол маселелери болчу. Эми анын баары шаардын бюджетинен көз каранды болот экен. Ошондуктан чоң обьекттер болбой калды. Эми быйыл бюджет көбөйдү, ошондуктан быйыл да жакшы иштер жасалат. Ал эми жол оңдоо, жарыктандыруу боюнча көп эле иштерди аткардык»

Төрт жыл аралыганда шаардагы көйгөйлөрдү чечүүдө кандай кысымдар болду? 

«Коркуттуу болгон жок. Биз келишүү жолу менен эле иштештик»

Шаар көйгөйлөрүн чечүүдөгү кийинки кадамдар?

«Шаардын маселеси жол тыгындары болуп жатат. Ошондуктан биз шаарга жер өтмөктөрүн куруу, жол тыгынынан арылуу боюнча иштерди алып барсак дейбиз»

“Бир Бол” фракциясы

Эсенбек Арзиев — лидери

Шайлоо убагында берген убадалар жана аткарылган иштер?

«Убаданын баарын аткарууга мүмкүн болгон жок. Кээ бир жумуштарды аткара албасак да, аракет кылдык деп ойлойбуз. Мисалы шаардын башкы планы 2016-жылы кабыл алынды. Эми ушул боюнча токтоп калбаш керек. Андан кийинкиси бул  ПДП. Азыр ал каралып жыйынтыкка чыгып калды. ПДПга акча каралып бүтүп калды жумуштар. Анан дагы жаштарга, социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу боюнча. Башында 12ден 6га түшүрүп анан кечээ биротоло жок кылайлы десек башка депутаттар колдобой калып, 4 % га чейин түштү. Анан авто тыгындарды жоюуу үчүн автотоктомолорду көбөйтүү боюнча иш алып баралы деп аткаруу бийлигине тапшырма бергенбиз. Бүт шаардык мекеме-ишканаларга кат жибергиле өздөрүнө унаа токтоочу жай ачуу боюнча  дегенбиз. Эми аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөөгө биз азыраакпыз. Ал эми жер өтмөктөрү боюнча, буга чейинки мэр Айтмамат Тентибавичге айткан элек. Жол тыгынды жоюуу үчүн эл авто унаа көп 2 жерге куралы деп, фракция техникалык  жагын далилдеп да берген. Кийинки мэрге бул сунушубуз жаккан жок окшойт, инвестор издеп жатам деп койду»

Төрт жыл аралыганда шаардагы көйгөйлөрдү чечүүдө кандай кысымдар болду? 

«Кээде түр көргөзгөн учурлар болот. Буга чейинки тажрыйбабызда кадр маселесинде ушундай учурлар болуп калат. Тажрыйбасы жетпеген кызматкерлерди, билими жокторду жетекчиликке дайындоодо жогоруда олтургандардан кабагын салуу болот. Эми бул түз болбосо да баарибир ушул сыяктуу учурлар бар. А эми депутаттардын баары билимдүү мыйзамды билгендиктен кысым көрсөтө албайт, бирок аракет болот. Жеке өзүм бизнес менен алектенгендиктен жумушумда артка кеткен учурлар болду. Жеке чөнтөгүмө зыян келтирдим, бирок элге пайда келтирдим деп ойлойм»

Шаар көйгөйлөрүн чечүүдөгү кийинки кадамдар?

«Алдыда мыйзамдуулукту орнотуу боюнча күч аракетибизди жумшайбыз. Жетекчилер маселесинде да ошону коймокпуз. Анткени жетекчилер проффесионал болсо ишти так алып кетет. Шаарда чечилбеген күнүмдүк нерселер аябай көп. Аны чечүү үчүн бюджетти көбөйтүү керек. Ал үчүн бизнесмендерди көбөйтүү керек. Ал эми азыркы аткаруу бийлигинен жеке ишкерлерге сезирлээрлик колдоону көрбөй турам. Өткөн жылы өнүгүүгө 200 млн бөлсөк, а быйыл 300 млн бөлүнүп жатат. Канча өсүүштөр болуп жатат. Өзүбүздүн инвесторлорго шарт түзүш керек. Булардын жакшы жери тапкан акчасын башка жакка көтөрүп кетпейт. Бизнес чөйрөсүн жакшыртышыбыз керек»

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы

Абдисаит Каримбеков — лидери

«Биздин биринчи эле сессиябыз шаардагы муниципалдык батирлерди бөлүштүрүү боюнча болгон. Аябай талаш тартыштар менен 7 жылдык мөөнөттү 12 жылга узартып пайыздык көрсөткүчүн да түшүргөнгө аракет кылдык. Мындан сырткары шаарда аймактык кеңештер бар эле буга чейин. Алардын иши мыйзамсыз болуп келген. Биздин демилге менен 12 аймактык кеңеш кыскарып, 6 муниципалдык башкармалык болуп өзгөрдү. Ал жактагы кадр маселесине көңүл буруп, айлык акыларын да жогорулатуу, алардын ишин жакшыртуу боюнча иштерди аткардык. Негизгиси алардын ишин мыйзам талаасына алып келдик. Мындан тышкары биз экономика багытында иштегендиктен, келген инвесторлор менен иш алып баруу боюнча маселелерди карадык»

Төрт жыл аралыганда шаардагы көйгөйлөрдү чечүүдө кандай кысымдар болду? 

«Бизге кандайдыр бир маселени чечүүдө эч кандай кысым болгон жок. Эми талаш тартыш, туура эмес пикирлер болуп калат. Бирок атайын бут тосуу, кысымдар болгон жок. Эми депутат  коллегиялык орган да. Абдан жакшы демилгелерди көтөрүп, шаардын өнүгүүсү үчүн  иштерди аткарганга жакшы мүмкүнчүлүк. Мен ошол жактан бир топ тажрыйба алдым. Бирок эч кандай пайда таба албайсын. Тескерсинче жеке депутат катары бизге кайрылуулар абдан көп. Жөлөк пул, балдар үйлөрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ар кандай арыздар боюнча материалдык моралдык жактан жардам берип келебиз. Быйыл болсо балдар үйүнүн эки жашоочусун ЖОЖго окутуп баштадык »

Шаар көйгөйлөрүн чечүүдөгү кийинки кадамдар?

«Эми азыркы мэр шайланып келгенде мен өз планымды бердим, кагаз жүзүндө сессияда айттым. Бул Ош шаарында эркин экономикалык аймакты түзүү. Анткени шаардын өнүгүүсү түздөн түз экономикадан көз каранды. Ош шаарында жумуш орун, ишканаларды түзүү керек. Муниципалитет ал үчүн атайын жерлер менен камсыз кылып бериш керек. Шаардагы 43 базарды заманбап соода борборго айландыруу керек. Бул үчүн шаар четиндеги жерге чыгарып, шаарды бошотуу  керек деген сунуштарды айтып келе жатабыз. Эң маанилүү багыт деп экономиканы гана билгендиктен, ушул маселерлерди ар дайым көтөрүп келе жатабыз»

                          Кайсыл депутатка добуш бересиз?

 

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо