Ош шаардык кеңешинин кайсы депутатын кайра шайлайсыз? Сурамжылоо - Т-медиа

Ош шаардык кеңешинин кайсы депутатын кайра шайлайсыз? Сурамжылоо

Биздин сайт, мындан бир жума мурун шаардык кеңештин иши жана андагы депутаттардын аткарган жумуштары, элге таанымалдыгы боюнча сурамжылоо жарыялаган.

Анда Ош шаардык кеңешинин 6 фракциясы менен 45 депутаты коюлган. Азыр сурамжылоонун биринчи жумасы аяктап, алдыда дагы 7 күн убакыт бар.

Алдын ала бир жумадагы жыйынтык боюнча, фракциялар арасында КСДП 8010 добуш менен алдыда болсо, Мекеним Кыргызстан 5200, Бир Бол 1884, Кыргызстан 3444, Республика-Ата-Журт 903, Өнүгүү-Прогресске 1557 добуш берилген.

Ал эми депутаттар арасынан Мекеним Кыргызстан фракциясынан Шайырбек Нуранов 53% менен алдыда. Ал эми экинчиде Өнүгүү-Прогресстен Хатам Хакимов 46% көрсөткүчтө.
Бир Болдон Сейиткасым Курбаназаров 35%. Кыргызстандан Равшанбек Касымов 33% менен келе жатса, андан кийин КСДПдан шаардык кеңеш төрагасы Жапар Ормонов 25% добуш топтогон. Республика — Ата-Журттан Темирбек Жунусов менен Камчыбек Мамбетовдор 31% добуш менен келе жатышат.

Сурамжылоо кийинки жумада аяктайт. Алдыда өзүңүз ишин баалаган депутатыңызды тандоого дагы бир жума убакыт бар. Добуш берүү үчүн төмөнкү шилтемеге кирип добуш бериңиз.

Ош шаардык кеңешинин ишин кандай баалайсыз? Кайсыл депутатты кайра шайлайсыз?

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо