Ноокаттагы көп жылдык арчалар кен үчүн кыйылып кетеби? Иликтөө


Ноокат районундагы токой чарбада 6500 түп көп жылдык арчалар кыйылып кетиши мүмкүн. Анткени дарактар өскөн жерден чыгуучу мраморду алууга лицензия берилип, казуу иштери башталышы керек.
Акарт мрамор кени казыла турган токой чарбанын жалпы аянты 14,85 гектарды түзөт. Ноокат райондогу токой чарбасынын токойду коргоо жана сактоо боюнча инженери Кылычбек Балтабаевдин айтымында анын 1,5 гектары Ноокат токой чарбасына карайт. Калганы Араван аймактык бөлүгүнүн карамагында.
14,5 гектар аянтта кеминде 6 миң 500 түп арча өсөт жана анын арасында адам кучагы жетпеген төрт кылымдык 53 түп арча бар. Токойчу эгер мрамор ташты алуу иши башталса, карагайлар толугу менен кыйыларын айтып жатат.
«Инвесторлор участокту алып иштетсе, арчалардын баары кыйылып бүтөт. 5 сотых жерди казса, 10-15тен арча болуп атып, 6 миң 500 түптүн баары кетет. Бул жерде суусуз топураксыз, өсүп турган табигый арчалар бар. Эсептеп келгенде ошончо дарак кыйылат. Аларды кыйып, кайра ордуна отургузуу, чоңойтуу үчүн бир кишинин өмүрү жетпейт. 100 арча бир чоң шаардын абасын тазалайт. Бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн, биз келечек муунга талкаланган жаратылышты бергени жатабыз», — деп кейиди Балтабаев.
Аталган жерде арчадан башка дагы бадалдар өстүрүлөт. 14гектардан ашуун токой аянтын эки токойчу карап иштеп келишет.

Бирок Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Элеонора Сыдыкова "токой чарбасы Акарт кенин иштетүүгө 2017-жылы эле макулдугун берген" дейт.
«Лицензия өкмөттүн 2016-жылдын 30-марттагы 132-р буйругунун негизинде берилген. Арчаларды кыюу комитеттин компетенциясында эмес. Акарт кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна сынак өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиясынын 2015-жылдын 23 декабрында 624-р буйругу менен бекитилген. Конкурстук комиссияда токой чарбасынын өкүлү бар болчу. Комитет сынактын негизинде лицензияны берген» — деди Сыдыкова.
Айтылып жаткан Акарт кенин жер казынасын пайдалануу комитетинин сайтындагы картадан көрсөңүздөр болот. Анда «Алдаяр-Уголь Лимитед» компаниясы лицензияны Дуйшонбек Зилалиев комитетти башкарып турганда алганы көрүнүп турат.

Кыргызстанда жаңгак жана арчаны кыюуга 2030-жылга чейин тыюу салынган. Бирок ошол эле маалда геологиялык изилдөө иштеринде жоготуулардын ордун толтуруу менен арчаларды кыюуга жол берилет.

«Алдаяр-Уголь Лимитед» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү НаргизаИбраимова кен иштетүүгө уруксат берүүчү кагаздар ушул тапта даярдалып жатканын жана токой агенттигинен кен иштетүүгө каршыбыз деген кайрылуусун расмий түрдө албагандарын билдирди.
Арчалар байлардын курулушуна иштетүү үчүн кесилет
Мрамор казып алуу иштери жүргүзүлгөнгө чейин деле аталган токойдо арчаны кыйып кетүү иштери катталып келген. Анткени Акарт жеринде арчанын курулушка ылайыктуу түрү өсөт. Алардын көбү кыш мезгилинде, болжолдуу жергиликтүүлөр тарабынан ишке ашырылат.

Алыс барбай акыркы эки жылды алсак, 2018-2019-жылдары токой чарбасынын кызматкерлери өз алдынча арча кыйган 10го жакын фактыны аныктаган.

«Мурда элдин турмушу оор мезгилде токойлор көп кыйроого учураган. Азыр деле такыр кыйбай калышты деп айта албайбыз. Катталат. Аянт чоң, токойчулар караганга жетишпей калат. Ошондуктан, кыйылган соң көрүп калабыз. Аларды тиешелүү органдарга өткөрүп беребиз», — деп кошумчалайт Балтабаев.

Аларга карата айып пулдар органдар тарабынан салынат. Көп жылдык арча-карагайларды кыюу көбүнчө бийик, алыстыктагы зоналарда ишке ашат. Бардык аянтка көз салып турууга, көп учурда токойчулардын күчү жетпей калат.

Ош облусундагы токой чарбаларында ар бир токой кызматкерине орточо 4 миң гектарга жакын токой аянты туура келет.

Алар дарактарды кыйдырбай карагандан сырткары, кургаган дарактарды тазалоо, дарылоо, уруктарды терип тапшыруу, кайра көчөттөрдү алып барып олтургузуу менен да алектенишет.
Ал эми бул кыйылган дарактар Ош облусунун Кара-Суу районундагы токой чарбаларынын биринде тартылган. Мындай көрүнүш ар бир токойдо четтен табылат. Дарактарды кыйып алып бара жаткандарды көрүп, таба албасак да алар кыркып кеткен арча карагайдын түбү жаңы эле кесилгенин көрсөтүп, кыюуулар дагы деле болуп жатканын далилдесе болот.

Райондун аймагындагы Ак-Буура токой чарбасынын кызматкери Акбарали Аззамовдун билдиришинче, мыйзамсыз кыюуулар 2000-2005-жылдар аралыгында күч алган.
Ал эми башка жылдары токойдо дарак кыюуу дээрлик токтоп калды деп айта албайт. Азыр деле көп болбогону менен катталып турат. көбүнчө көп жылдык арчалар байлардын курулушуна иштетүү үчүн кесилет.
«Менин токойчу болуп иштегениме 30-40-жылдан ашты. Бул жылдар аралыгында токой чарбасынын көп башынан өткөргөн окуяларына күбө болдум. Айрыкча союз тараган жылдары Кыргызстандын токой чарбалары көп жоготууларга учурады. Анткени элдин турмушу начарлады. Алар көбүнчө курулуш менен отунуна керектөө үчүн арчаларды кыйып жатышты», — дейт токойчу.

«Бийиктеги зоналарда курулушка ылайыктуу арчалар көп. Көбүнчө акчалуулар ошол жактагы жергиликтүү элдерге буюртма беришет. Ал байкуштар кыйналып алып түшүшөт. Колго түшүп калсаң, өзүбүз чыгарып алабыз дешет. Андай учурда бизди кимсин да дешпейт. Тамырыңды кыркып койом деген сыяктуу коркутууларга чейин барышат. Бир убактар милициянын коштоосунда келип алып кетишчү», — деп кошумчалайт.
Ал эми бул тасма 2018-жылы Өзгөндөгү токой чарбалардын биринде тартылган. Видеодон кесилген дарактардын дүмүрлөрүн көрүүгө болот. Анда жолдун эки четиндеги көп жылдык дарактар отун үчүн кыйылганы айтылган. Бул мыйзамсыз кыюуу жергиликтүүлөр тарабынан тартылып калган.

Кызыгы бул тасма тартылган Өзгөндүн Байбиче жайлоосунун аймагы эч бир токой чарбага карабайт.

Жергиликтүүлөрдүн арызынын негизинде кыйып кеткендерге тиешелүү кызматтар тарабынан аргасыз айып пул салынган.
«Биз ошол жайлоого чыгат элек. Бир эки күндүн ичинде эле ошончо дарак кыйылып кетиптир. Жолдун чети бош болуп калыптыр. Биз чуу салып ар кайсы органдарга арыз жазып, айып төлөп тим болду. Аны башка айылдын тургуну отун үчүн кыйып сатууга аракет кылган экен», — дейт аталган аймактын атын атагысы келбеген жашоочусу.
Бир кыйылган бактын айып пулу 100 көчөттүн баасын жаппайт
Кыйылган даракка көлөмүнө карап айып пул санылат. Мисалы 100 жылдык арчанын диаметри 15 смге эле жетишүү мүмкүн, ошондо мыйзамсыз кыюуга 890 сом эле айып салынат, бул акчага бир эле арча көчөтүн сатып алууга болот. Бирок жаш көчөттү өстүрүп, чоңойтуу үчүн бир адамдын өмүрү аздык кылат. Дарактарды кыйгандын айып пулу өтө төмөн, бирок арчанын базардагы баасы кымбат.
Мыйзамда бир дарактын ордуна, тиешелүү түрдөгү 100 көчөт эгилсин деп каралган, бирок бир кыйылган бактын айып пулу 100 көчөттүн баасы аны жаппайт.

Көп жылдык дарактарды мыйзамсыз кыюу, бир эле аймактын токой чарбасындагы көйгөйү эмес. Мындай көрүнүш дээрлик бардык жерлерде бар.

2018-жылы Ноокаттагы Кара-Кой улуттук паркында да дарактар кыйылып, көзөмөлдөгөнгө мүмкүн болбой жатканын айыл өкмөт башчы айтып чыккан. Анда токойчулар менен жергиликтүү бийлик биргеликте дарак кыйгандар менен күрөшө албай жатышканын моюнга алып, Жогорку Кеңешке кайрылышкан.

Бирок учурда абал кандай экени белгисиз. Айыл өкмөттөн бул боюнча жооп алууга кылган аракетибизден жыйынтык чыккан жок.
ОШ ОБЛУСУНУН ТОКОЙ ЧАРБАЛАРЫНЫН АЯНТТАРЫ ӨЗГӨРҮЛБӨГӨН
Ош облусунда жалпы алты токой чарбасы бар. Алардын карамагындагы мамлекеттик токой фонду 544 миң гектарга жакын аянт. Мындан сыткары, Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу, Кара-Шоро жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш парктары жайгашкан. Алардын аянты 53 миң гектардай.

Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин маалыматы боюнча, Ош облусунун токой чарбаларынын аймагында негизинен арча, жаңгак, мисте, бадам жана терек дарактарынын түрлөрү өстүрүлөт.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча акыркы 10 жылда Ош облусундагы токой чарбаларынын аянттарында өзгөрүүлөр болгон эмес.

Бирок бул дарактар такыр кыйылган жок дегенди билдирбейт. Биздин колубузга тийген сүрөттөрдө токойлордун аянты кыскарбаганы менен суюлуп кеткенин даана көрүүгө болот.
Акыркы 5 жылда 1104 дарак мыйзамсыз кыйылып кеткен. Бул расмий түрдө катталып калганы гана. Ачыкка чыкпай калып кеткендери да болушу толук мүмкүн.

Эколог Абдижапар Аккулов токойлор абаны тазалоочу, тоо капталдарындагы кыртышты коргоочу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жашаган чөйрөсү, суу режимин жөнгө салуучу сыяктуу экологиялык функцияларды аткарышарын айтат.
«Токойлордун бүгүнкү экологиялык абалы ар тараптуу оор: бүткүл дүйнөлүк климаттын жылып баратышы, өз алдынча кыюулар, жайыт катары нормадан ашык пайдалануу, токойлордун картайуусу, табигый калыптануунун жоктугу, тоо-кен иштери, жол куруу, турак-жай конуштарына жер бөлүү, өрттөрдүн чыгуусу бүтүндөй токой фондусуна чоң зыяндарды алып келүүдө. Буга кошумча мамлекеттик токой чарба секторунда жаш кадрларды кармап туруу кыйынчылыгы, финансы каражатынын, атайын техникалар менен жабдуулардын жетишсиздиги, бакма токойлорду түптөө иштеринин солгундугу аларды коргоо, сактоо, өнүктүрүү иштеринде өз кедергисин тийгизүүдө. Токой жаныбарларына браконьерлик жол менен аңчылык кылуу, жаңгак жыгачы менен уюлун контрабандалык ташып кетүү, арчадан мүрзөлөргө кабыр тургузуу сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлбай келүүдө», — дейт Абдыжапар Аккулов.
Абдижапар Аккулов
эколог
Ушул көйгөйлөрдүү чечүү үчүн эколог өз оюн мындайча негиздеди:

Токойлорго мониторинг жүргүзүп, чыныгы картинаны аныктап, бакма токойлорду көбөйтүп, токойду жамаатташып пайдаланып, нормаларды сактап, токой мыйзамдарын бузгандардын жоопкерчилигин күчөтүп, тармактагы кошуп жазуу отчетторунан арылып, коррупцияны жоюп жана коомчулукта токой саясатын массалык пропагандалоо аркылуу колдоого алыш керек".

Ал эми Ош токой чарбасынын жетекчилигинен, агенттиктиктин түштүктөгү өкүлүнөн жүргүзүп жаткан иштер боюнча жооп алууга кылган аракетибиз текке кетти.

Алдыда казуу иштери токтоп, арчалар сакталып калабы же кен үчүн кыйылып кетеби белгисиз. Мындан сырткары токой чарбасындагы толгон көйгөйлөр качан жолго коюлары да анык эмес бойдон калууда.
Бул материал "Сорос-Кыргызстан" фондусунун колдоосу менен "Журналисттик иликтөөлөр фонду" КФ ишке ашырып келген "КРде иликтөө журналистикасын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында даярдалды. Материалда айтылган пикирлер "Сорос-Кыргызстан" фондусунун жана "Журналисттик иликтөөлөр фонду" КФнын көз карашына туура келбеши мүмкүн.