Быйыл Ош шаарына 100 миң бак-дарак отургузулат


Ош шаарында көчөт отургузулуп, көрктөндүрүү иштери башталды. Бүгүн, 5-февралда Осмонов көчөсүнө 200гө жакын ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. 

Шаардык мэриядан маалымдашкандай, бул жылы Ошко 800 чамалуу ийне жалбырактуу арча отургузулуп, 1 миң 500 түп жазы жалбырактуу 80 миң түп бадал көчөттөрү отургузулат.

Мындан сырткары жазда 10 миң даана жоогазын жана жалпысынан 2 миллионго жакын ар түрдүү гүлдөр эгилет.

Буга чейин Ош шаарынын Аскар Шакиров жана Уркуя Салиева көчөлөрүндө 600гө жакын дарак кыйылган. Бул жолдорду кеңейтүү менен тез жардам кызматына шарт түзүү максатында ишке ашкан.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо