Матраимов: өкмөт Кара-Суудагы айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгарбай, мажбурлап акча бөлүүдө


Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өкмөт Кара-Суу районундагы төрт айыл башкармалыктарын дотациядан чыгарбай жатканына нааразы болуп жатат. 

Матраимов финансы министрлиги эки жылдан бери айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгарбай, мажбурлап 37 миллион сом бөлүп жатканын айтууда. Ал бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге айтты.

«Кара-Суу администрациясы өкмөттүн тапшырмасын аткаруу максатында «Биздин төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгарып койгула» деп эки жылдан бери суранып жатат. Минфин эки жылдан бери дотациядан чыгарбай, жылда 37 миллион сом акча берип жатат. Райадмин » Бизге грант кереги жок. Биз өзүбүздү-өзүбүз каржылап жатабыз. Ушул жетпеген акчаны башка бир регионго бергиле десе», Минфин жок биз силерге акча беребиз, акчаны алгыла деп жатат»,- деди Искендер Матраимов

Абылгазиев быйыл 40тан кем эмес айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу боюнча өкмөттүн программасы бар экенин билдирди. Депутат көтөргөн маселени укпаганын, териштирип, анан жооп бере турганын айтты.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандагы 435 айыл өкмөттүн жарымынан көбү дотацияда турат. Алардын  дээрлик 84 пайызы борбордук казынага көз каранды.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо