Момбеков: Жеңиш Разаков чек арага куратор болбой эле "кууратар" болду. Видео - Т-медиа

Момбеков: Жеңиш Разаков чек арага куратор болбой эле «кууратар» болду. Видео

Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сынга алды. Ал өкмөт Разаковду ЕАЭБге жана чек арага куратор кылып дайындаганын белгилеп, эки тарапты тең «кууратты» дейт.

» Разаков Баткендеги 2 метр чек ара маселесин чечкен жок. Эң негизги ЕАЭБдеги 2 маселени да чече албай койду. Биринчиси, мамлекеттердеги унааларга болгон бажыдагы жеңилдетүүлөр тарифин жана Орусиядан биздин мекендештер которгон акчага коюлган 100 миң сомдук чектөөнү чече албай койду», дейт ал.

Момбеков Замир Аскаровдон өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатканына да токтолду.

» Өз ыктыяры менен кызматтан кеткендер чейрек болот. Сиздин кызматтан кетишиңиздин себеби- бюджеттин аткарылбаганы  болду деп эсептейм. «Самое слабое звено» Разаков болчу».

Бүгүн 5-февралда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  Замир Аскаровдун талапкерлигин парламенттин кароосуна алып чыкты.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо