Баткен: Суу-Башы айылында миңден ашуун жаран жер тилкесин ала албай жатат


Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагында 1200 жаран көп жылдан бери жер алуу кезегинде турат. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

Аталган айылдын элинин атынан депутатка келип түшкөн кайрылууда жерлерди трансформациялоо маселеси чечилбей жаткандыктан, 15-20 жылдан берүү кезек күткөндөр арбын экени айтылган.

“Ошол эле айыл өкмөттүн Айгүл-Таш айылында 1 миң 511 гектар айыл чарба багытындагы жер бар. Аны конуш катары пайдаланууга уруксат берүү өтүнүчү менен өкмөткө кат жазышкан. Бирок, ал документ каралбай турат. Бир үйдө 5-6 үй-бүлө бирге жашап жатканын айткан жергиликтүү элдин тез арада турак-жай салуу үчүн жер бөлүү маселесин чечүү керек”, – деди депутат Карамат Орозова.

Мындан сырткары депутаттын айтымында, Баткен районунун атынан өнөр-жайга 50 гектар, калктуу конушка 1312 гектарга жакын жер бөлүү тууралуу өкмөткө кайрылуу келип түшкөн. Бирок, 469 гектар жер гана трансформацияланган.

“Бул Баткен районунда жер алуу үчүн кезекте турган 15 миң жаранга жетпеси айдан-ачык. Алардын ичинен өтө муктаждардын саны да 6 миңден ден ашуун. Андыктан, өкмөт элдин талабын сөзсүз эске алышы зарыл. Анткени, турак-жай маселесинин чечилиши чек арадагы айрым көйгөлөргө да бөгөт болмок”, – деп кошумчалады эл өкүлү.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо