Эми жергиликтүү кеңештердин төрагалары айлык ала баштайт


Кыргызстанда калкы 20 миңден ашкан айылдардагы жергиликтүү кеңештердин төрагалары айлык ала баштайт. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун министрлер кабинетинен билдиришти.

Билдирмеге ылайык, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына маяна 2020-жылдын 1-июлунан тарта төлөнө баштайт.

Мындан тышкары өкмөт башчы кол койгон документке ылайык, калкы алты миңден ашкан айылдык кеңештердин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жооптуу катчы кызматы бекитилет. Ага да айлык төлөнөт. Бирок маалыматта төрага менен катчынын айлык акысы канча сумманы түзө турганы көрсөтүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандагы 435 айыл өкмөттө, жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланган.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо