Төрөбаев: өкмөт чек араны жөө басып барып тактагандын ордуна, картадан карап отурат


Депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, жол ачып берсе да, өкмөт  көңүл кош мамиле жасап жатканын айтып чыкты.

«Ошол жерге жөө басып барып чек араны тактагандын ордуна, кабинетте картадан көрүп отурушат. Чыр-чатак дагы деле токтобой турат», — дейт депутат.

Төрөбаев «Өнүгүү -Прогресс» фракциянын депутаттары 2 күн кыргыз-казак чек арасында иш алып барганын, пара алуу боюнча маселе бар экенин тактаганын билдирди.

«Өкмөт ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын чек арадан өткөрүүдө эч кандай тоскоол жок деп айтып жатпайбы. Бирок бул сөз дал келбейт. Алардын товарлары 20 күндөн бери чек арадан өтө албай, кечээ өтүштү. Өкмөттүн сөзү менен иши дал келбегенин биз далилдедик», -деп кошумчалады.

Мындан улам эл өкүлү өкмөт карапайым калкты кыйнап койбодубу деп суроо салды.

«1-марттан ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн товарына маркировка кирет. Эгерде ага даяр болбосок эл дагы кыйналып калат. Өкмөттүн маркировка боюнча иши нөл. АКШ биздин жарандарга виза боюнча чектөө киргизди. Бул жерде да өкмөттүн күнөөсү бар. Анткени биометрикалык паспорт боюнча өз учурунда иш алып барылган жок».

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо