Араванда өз кызын зордуктаган атага сот өкүмү чыкты - Т-медиа

Араванда өз кызын зордуктаган атага сот өкүмү чыкты

Оштун Араван районунда 15 жаштагы кызын бир жылдан бери зордуктап жүргөн кишиге сот өкүмү чыкты. Облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Т-Медиага» билдиргендей, райондук сот аны 5-февралда өмүр бою эркинен ажыраткан.

Бул кылмыш иши Араван райондук сотунда каралган. Аталган райондун прокуратурасы соттон шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн сураган.

Ош облустук милициясы аталган фактты 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Кылмышка шектүү катары кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган.
Тергөө иштерин Араван райондук милициясы жана райондук прокуратурасынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүп, ата өз кызын зордуктаганын мойнуна алган.

Кыздын апасы мындан 4 жыл мурда каза болгон. Өспүрүм бир туугандары чоң энеси, атасынын карындашы, өз атасы менен чогуу жашап келген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо