Мамкаттоо: Ош шаарына каттоого тургандардын саны кескин көбөйдү - Т-медиа

Мамкаттоо: Ош шаарына каттоого тургандардын саны кескин көбөйдү

2020-жылдын 1-январынан тартып Ош шаарына каттоого тургандар 30 миңден ашты. Бул Ош шаарында апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу экени айтылып жатат. 

Оштогу калкты тейлөө борборунун жетекчиси Алмазбек Кочонов соңку бир ай ичинде шаарга канча адам каттоого турганын ачыктай алган жок.

«Ош шаарына гана каттоого турду деп айтыш кыйын. Канча адам катталганы боюнча албетте, айтылат. Бирок республикалык деңгээлде», — дейт ал.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын адиси Адилет Бейшеналиев » Т-Медиага» билдиргендей, чукул каттоого келгендердин саны акыркы күндөрү көбөйгөн. Бирок эч кандай мыйзам бузуу эмес экенин маалымдады.

«Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир жарандын документи туура болсо, каттоого койгонго милдеттүү. Биз ошонун алкагында эле иштеп жатабыз. 1-январдан 10-февралга чейин Ош шаарына 30 миңдин тегерегиндеги киши каттоого турган экен.  Бир топ эле өсүү бар. Жапырт каттоого туруу бул эми шайлоого байланыштуу болсо керек», -деди Бейшеналиев.

Ошто каттоого тургандардын көпчүлүгү студенттер экени айтылууда. Атын атагысы келбеген студент жигит, адамдарды шаарга жапырт каттоо көрүнүшү бар экенин айтып, мугалимдер шайлоого карата студенттердин паспортун алып, каттоого койдуруп жатканын белгиледи.

«Биз паспортторубузду алып келсек, экзамендерди бекер бүтүрүп беришерин айтышты. Мугалимдерибиз: «паспортторуңарды чогулткула!» деп милдеттүү түрдө эле айтып атат. Азырынча документибизди бере элекпиз. Бирок ар жактан сунуштар келип атат». 

БШКнын маалыматы боюнча, учурда Ош шаарында 140 миң 503 шайлоочу катталды. Буга чейинки президенттик, парламенттик шайлоолордо 120 миңдин тегерегиндеги гана киши катталган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо