Сурамжылоо: Кимиси вице-премьер-министрликке татыктуу?

Бүгүн, 11-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Ал үй-бүлөлүк себептерден улам жумуштан кеткенин айтууда.

Анын ордуна Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев,  Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги каралып жатканын жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып жазып чыгышты.

Социалдык тармактарда аты аталып жаткан саясатчыларды сурамжылоого коштук. Кимиси вице-премьер-министр болууга татыктуу? Добуш бериңиз. Сиз сунуштаган талапкердин ысымы мында жок болсо, комментарийге калтырыңыз.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо