Коронавируска каршы вакцина качан чыгары айтылды - Т-медиа

Коронавируска каршы вакцина качан чыгары айтылды

Коронавируска каршы алгачкы вакцина 1,5 жылдан кийин гана чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун сөзүнө таянып РИА Новости жазып чыкты.

«Вакцина иштеп чыгуу изилдөө иштеринин өтө маанилүү бөлүгү, бирок ага көп убакыт талап кылынат. Анткен менен биз азыр таптакыр алсыз эмеспиз. Бүгүнкү күндө илдетти жуктуруп алууну алдын алчу жолдор бар. Мисалы, биринчи вакцина 18 айдан кийин жарыкка чыгат. Ага чейин вируска каршы колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана турабыз”, — деди ал.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

10-февралга карата маалыматта Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1016га жетти. Ал эми жалпы жуктуруп алгандардын саны 42 638 болсо, сакайып кеткендер 3996 киши экени айтылды.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо