Ош: бакчадагы балдардын тамактануусун текшерүү үчүн комиссиялык топ түзүлдү


Ош шаардык билим берүү башкармалыгы «Мөл-Булак» балдар бакчасындагы абалды текшерүү үчүн жети адамдан турган комиссия түздү. Атайын топ учурда бакчаны толук текшерип жатат. Бул тууралуу башкармалыктын өкүлү Темир Турдуев билдирди:

«Биз ошол окуядан кийин бакчага барганда андай көрүнүштөрдү көрө алган жокпуз. Мисалы, этти норма менен салыптыр. Негизи норма боюнча 3 жаштан жогорку балдар 30 грамм эт жеши керек. А жөжө тайпасындагыларга 20 граммдан бөлүнөт. Биз бала бакчанын жетекчиси … түшүнүк кат алганда: «Ошол күнү адашып калган экенбиз» деди. Бул канчалык чындык экенин калыс карап чыгабыз. Тамак-аш жеткизген компанияларды, бала бакчанын убактылуу жетекчисин чакырып тил каттарды алдык. Жакынкы күндөрү жыйынтыгын беребиз. Эгерде сиздер видеого тартып алгандагыдай көрүнүштөр, мыйзам бузуулар катталса, тийиштүү органдарга өткөрүп беребиз. Муну жөн койбойбуз, аягына чыгабыз».

Өткөн аптада TMG телеканалынын «Жарандык Көзөмөл» программасы Ош шаарындагы балдар бакчаларынынын ишмердүүлүгү боюнча берүү даярдаган. Калаадагы 41 бала бакчада бөбөктөр үчүн түзулгөн шарттар кандай экенин, балдардын саны боюнча эң көп жүктөм менен иштеген «Мөл-Булак» балдар бакчасынын мисалында көрсөтүп беришкен.

Программа Ютуб- каналга жүктөлгөндөн кийин ата-энелер нааразычылык пикирлерди айтып чыгышты.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо