Электр жарыгы өчкөн убакта, Кызыл-Кыядагы төрөт үйүндө ымыркай каза болду


Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүндө ымыркай каза болду. Ал айына жетпей төрөлүп, аппаратта жаткан. Электр энергиясынын эскертүүсүз өчүрүлгөнүнөн аппарат иштебей калган. 

Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнүн бөлүм башчысы Гүлнара Кырчакбаеванын «Т-Медиага» билдиришинче окуя 11-январда болгон. 

«Ымыркай айына жетпей төрөлүп, аппаратта жаткан. Эскертүү берсе биз алдын ала генераторду даярдап турабыз. Бирок акыркы 2-3 айдан бери эскертүүсүз эле электр жарыгын өчүрүп жатышты. Эң узагы 12 саатка чейин уланып жатты. Мындай учур көп катталды. Негизи эле оңдоп-түзөөгө өчүрүшсө эскертип коюш керек бизди. Алар болсо эч кандай эскертүү бербей эле өчүрүп жатышты», — дейт Гүлнара Кырчакбаева.

Ал эми Кызыл-Кыя шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчиси Замир Гулматов болсо ымыркай 11-январда эмес, 10-январда каза болгонун айтат.

«Төрөткананын бизге кат жазган. Светти өчүрүп жатасынар деп. Бирок биздин төрөт үйү менен түзгөн техникалык келишимдерибиз бар. Анда баары так көрсөтүлгөн. Ымыркай 10-январда каза болуптур, бизде 11-январь күнү 9:56дан 10:49га чейин өчкөн. Болгону 57 мүнөт. Бул күнү авариялык болгон. Мындай учурда биз эскертүү бере албайбыз. Ошол эле техникалык шарттардагы келишимдер боюнча булар ушундай учурда башка кошумча линияга котрушу керектиги жазылган. Бирок оорукана аны курган эмес. Генератор орноткон бирок аны да колдонушпайт», —Кызыл-Кыя шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчиси Замир Гулматов.

Ымыркайдан ата-энеси тиешелүү органдарга арызданган эмес.

Сүрөт: иллюстративдүү


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо