Кара-Сууда ата-энелер, бакча тарбиячысынын үстүнөн арызданышууда. Видео - Т-медиа

Кара-Сууда ата-энелер, бакча тарбиячысынын үстүнөн арызданышууда. Видео

Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү “Бостон” балдар бакчасына нааразылык иретинде жазылган бир нече ата-эненин каты коомчулукка жарыяланды.

Арызга 17 ата-эне кол коюп, «Бостон» балдар бакчасынын тарбиячысы Гулзада Субанкулованын 9 жаштагы баласы тууралуу айтылат. Ал талма менен ооруй турганы, балдарды болсо оозун скотч менен жаап, ажатканага камап коркутары жазылган.

“Бостон” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Айзада Субанкулова катта айтылгандарды толугу менен четке кагып, арызды ата-энелерге алдап кол койдурганын айтты.

Учурда жергиликтүү бийлик маселени чечүүгө киришти. Толугураак төмөнкү видеодон көрүңүздөр.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо