Ошто жардын башында жайгашкан үйлөр көчүп түшүү коркунучунда. Сүрөт


Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагындагы 41 үй-бүлө кооптуу абалда жашап жатат. Тургундардын үйлөрү жардын башында жайгашып, көчүп түшүү коркунучу бар. 

Кооптуу делген участокто жашагандар 70 жылдан бери ушундай абалда жашап келе жатканын айтып чыгышты. Алар кошумча курулуш да кура албай жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адистер келип, объект  салбоого жазма буйрук берип кетишкен. Жашоочулар министрлик жер тилке бөлбөсө, Ош мэриясы башка жактан жер тилкесин бериши керек деп талап кылышууда.

«Бизге бирөө-жарым жардам бербейт. Үйүмүн урап түшкөнүнө эки жыл болду. ӨКМден келип, үй салбагыла дейт, же участок бөлүп бербейт», -деп нааразы болду жергиликтүү тургун Арафатхон Саипова.

Сүрөт: ӨКМ

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кооптуу абал 70 жылдан бери уланып келе жатат. Эки күн мурун бул жерге жаңы дайындалган өзгөчө кырдаал министри Замирбек Аскаров да келип, тургундар менен жолуккан. Бирок оңдоп-түзөө иштери гана болорун билдирген.

«Ленин көчөсүнүн ошол аймагы чындыгында коопту абалда турат. Жолдун, үйлөрдүна урап түшүү коркунучу бар. Экин күн алдын шаар мэри менен ӨКМ министри абалды чогуу барып көрдү. 2020-жылга авариялык куткаруу иштерине киргизип, узундугу 100 метр, бийиктиги 16 метр бетондон стена курула турган болду», -дейт ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов.

Баймуратов коопту аймакты бекемдөө үчүн министрлик 45 млн сом коротуп жатканын кошумчалады. Ал быйылкы иш планга кошулган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо