Оштогу 4 миң адамдын жер талашы боюнча соттук отурум жылдырылды - Т-медиа

Оштогу 4 миң адамдын жер талашы боюнча соттук отурум жылдырылды

Оштун Озгур айылындагы 4 миңдей жашоочу менен жеке эки ишкананын ортосундагы жер талаш боюнча соттук жыйын 25-февралга жылдырылды. Мындай чечимди Ош облустук соту кабыл алганын мекеменин басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, бардык тараптар суралып бүткөн.

Буга чейин жергиликтүү тургундар менен жеке эки ишкананын ортосунда жер талашка түшкөнү Жогорку Кеңеште айтылган болчу. Маселе Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан келтирилген аппеляцилык арыздын негизинде 7-февралда Ош облустук сотунда каралган.

Эске салалы: Озгур айылынын жашоочулары менен  жеке эки ишкана соңку 3-4 жылдан бери 80 гектардан ашуун жер үлүштү талашып келүүдө. Маселе Жогорку сотко да жетип, учурда биринчи инстанцияга кайра кайтып келди.

Озгурлуктардын айтымында, талашка түшкөн жер үлүштөрдү алар 1994-жылы өкмөттөн алышкан. Мында 100 гектарга жакын кайракы жерлер бар. Ал тилкелер союз кезинде “Туштүк суу курулуш” ЖЧКсынын жеке дыйканчылык жери болгон. Союз тараганда ишкана да жоюлуп, анын жеке дыйканчылык жери өкмөткө өткөн.

“Түштүк суу курулуш” ЖЧКсынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов болсо талаш жердин тарыхын башкача тушүндүрүп жатат. Ал белгилегендей, ишкана союз тараганы менен жоюлган эмес жана анын 61% акциясын мамлекеттик мүлк фондунан Рустам Сулайманов сатып алган. Акционер сатып алган учурда ага караштуу бардык мүлк жана жер аянттары кошо сатылып алынган.

Озгурда 4 миң адамдын жери талашка түштү. Окуянын чоо-жайы

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо