Баткен: тургундар чек ара чырында кармалгандарды бошотууну талап кылды - Т-медиа

Баткен: тургундар чек ара чырында кармалгандарды бошотууну талап кылды

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында жайгашкан Көк-Таш айылынын тургундары 9-январда чек арадагы чырдан улам кармалгандарды бошотууну талап кылышты. 

Бул тууралуу талапты жергиликтүү тургундар Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы шайланган өкүлү Алишер Абдрахманов Көк-Таш айылына келгенде билдиришти. Мекеменин маалымат кызматынан билдиргендей, Абдрахманов кармалган жарандар боюнча тергөө иштерин адилеттүү жүргүзгүзүү үчүн укук коргоо органдарына тапшырма берген.

«Губернатор бул боюнча укук коргоо органдары менен жолугуп сүйлөшүп, ушул маселени калыс, адилеттүү тергөө иштерин жүргүзүп бергиле деп тапшырма берди. Айыл туугандарына дагы мыйзам чегинде чечилерин айтты. Алар менен жекече дагы сүйлөштү«,- деди Чолпон Бердикулова.

Өкмөттүн өкүлү жолугушууда айыл элин аймактагы туруктуулукту сактоого чакырды. Анткени чек арадагы чыр чатактар тактоо жумуштарын алга жылдырууга кедергесин тийгизе турганын кошумчалады.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып 11-январда кармалган.  Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алган. Кийинчерээк кармалгандардын экөөсү үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо